Бишкекте мас айдоочуга 80 миң сом айып салынды жана ал унаа айдоо укугунан 2 жылга ажыратылды.
Кара-Суу районунда 2 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды.
Өлкөдө кесиптик лицейлерге кабыл алуу 13-июлда башталат.
ӨКМ: 13-июлга чейин тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору.
Ош облусунда 8 миңден ашык суур бар экени санакта аныкталды.
УКМК башчысынын экс-орун басары Уранбек Шадыбеков 2 айга камакка алынды.
Өлкөгө Пакистандын президенти Асиф Али Зардари расмий иш сапары менен келип кетти.
ИИМ баңгизат кылмышына шектелип 14 чет өлкөлүк жаран кармалганын билдирди.
Казакстандан импорттолгон 1,5 тоннадан ашык коон талапка жооп бербегени үчүн артка кайтарылды.
Ош шаарында жаңы ордо аянтчасы пайдаланууга берилди, ал жерде акысыз ойносо болот.
Жер мунапысы боюнча комиссияга жалпы 16 миңден ашык арыз түшкөнү маалымдалды.
Агартуу министрлиги Ысык-Көлдөгү мектептердин биринде май айында окуучу сабалганын ырастады.