Кыргызстан күйүүчү май сатып алуу боюнча Орусиядан башка өлкөлөр менен да сүйлөшүүнү улантып жатканын 8-июлда энергетика министри Алтынбек Рысбеков маалымдады. Айтымында, Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүгө Өзбекстан макулдук берди. Ал эми Казакстан азырынча жооп бере элек. Министрлик буга чейин күйүүчү май импорттоо боюнча Орусия, Европа, Түркия, Кытай, Беларусь, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.
Кытайдан жана Беларустан Кыргызстанга авиакеросин жеткирүү макулдашылганын биринчи вице-премьер Данияр Амангелдиев маалымдады.
Өлкөдө АИ-95 үлгүсүндөгү бензин тартыштыгы жаралууда. 8-июлдан тарта бензиндин аталган үлгүсүнө быйыл май айында киргизилген мамлекеттик жөнгө салуу токтотулду. Тагыраагы, анын баасын эми мамлекет көзөмөлдөбөйт. Рынок талабына жараша баа калыптанарын билдирди өкмөт.
Кыргызстанды күйүүчү май менен 90 пайыз камсыздаган Орусиянын өзүндө абал оор бойдон калууда. Мунай өндүрүүчү заводдорунун иши Украинанын чабуулунан улам үзгүлтүккө учурап жатат.