Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев нике тууралуу “Кызмат” мамлекеттик агенттигинен кенен маалымат алганын айтып чыкты. Депутаттын соцтармактагы баракчасына жазганы боюнча, статистика 2022-жылдан 2026-жылдын биринчи чейрегине чейинки мезгилди камтыйт.
Өлкөдө 2022-жылы 45 605 нике, 2023-жылы 43 574 нике, 2024-жылы 44 984, 2025-жылы 42 714 нике катталса, 2026-жылдын үч айында 18 869 нике катталган. Ал эми кыргызстандык кыздардын чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыкканы боюнча статистикага таянсак, анда үч өлкөнүн жарандары сап башында турат. Орусия – 1493 нике, Түркия – 610 нике, Өзбекстан – 425 нике. Ал эми ушул аралыкта 85 кыргызстандык кыз Кытай жарандарына турмушка чыкканы көрсөтүлөт маалыматта.