2030-жылга чейин Кыргызстанды жарандардын өмүр сүрүү узактыгы 75 жашка жакындаган өлкөлөрдүн катарына кошуу милдети коюлган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин медицина кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосунда айтылат.
– Адам өмүрү жана ал өмүрдө оору-сыркоодон алыс болуп бактылуу жашоо үчүн күрөшкө чыгып, күндүр-түндүр күзөттө турган мээримдүү сиздердей адистер аркылуу наристелердин күлкүсү жаңырып, үй-бүлөнүн амандыгы, коомдун бакубат жашоосу камсыз болууда,- деп айтылат өкмөттүн маалымат кызматы тараткан куттуктоодо.
Белгилей кетсек, азыркы тапта Кыргызстанда орточо жашоо узактыгы 72 жашты түзөт.