Австралиянын өкмөтү жасалма интеллекттин эмгек рыногуна тийгизген таасири боюнча алгачкы улуттук баяндамасын жарыялады. Анда интеллектуалдык эмгек менен алектенген адистер эң чоң тобокелдикке кабылары айтылат.
Jobs and Skills Australia уюмунун отчётуна таянсак, ЖИнин таасирине эң көп дуушар болушу мүмкүн болгон кесиптердин катарына колл-борборлордун кызматкерлери, эсепчилер, жарнама жана маркетинг адистери, кеңсе кызматкерлери, администраторлор, чекене соода тармагынын менеджерлери жана программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар кирет. Изилдөөдө бул кесиптерде көбүнчө аялдар жана жогорку билимдүү адистер эмгектенерин белгиленген.
Автоматташтырууга эң аз дуушар боло турган кесиптердин катарына электриктер, куруучулар, жүк ташуучу унаалардын жана атайын техникалардын айдоочулары, улгайган адамдарды караган адистер, тазалоочулар жана багбандар киргизилген.