Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунда жайгашкан “Көк-Арт” төлөм алуу пункту ишке киргизилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдагандай, төлөм накталай эмес тартипте гана жүргүзүлөт. Айдоочулар төлөмдү QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу жүргүзө алышат.
Жеңил унаалар үчүн – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик автоунаалар үчүн 200 сом. 5 тоннага чейинки кичи автобустар – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом. 3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар жана тракторлор – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом. Автобустар жана 3,5-12 тонна жүк ташуучу унаалар – 500 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом. 12 тоннадан жогору жүк ташуучу унаалар – 700 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 3000 сом. Чиркегичтүү жана ири оор жүк ташуучу унаалар – 1000 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом.
“Көк-Арт” – Кыргызстандагы эң узун автомобиль туннели, анын узундугу 3 чакырым 890 метрди түзөрү кошумчаланды.