Бишкекте жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 9 жашар баланы сүзүп кеткен автобустун айдоочусу камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББиден билдиришти.
Каргашалуу кырсык 13-июль күнү Жаш Гвардия бульвары жана Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде болгон. Тергөөнүн маалыматына ылайык, бала жол чырактын уруксат берүүчү белгисинде жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан. Ал эми автобусту башкарып бара жаткан айдоочу оңго бурулуп жатып аны сүзүп кеткен. Жабырлануучу оор жаракаттан улам ооруканага жетпей каза болуп калганы айтылды. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш иши козголуп, айдоочу камакка алынды.
Тергөөнүн жүрүшүндө айдоочу буга чейин мас абалында унаа башкарганы үчүн бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганына карабастан, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери ага кайрадан автобус айдоого уруксат берип коюшканы аныкталды.
Буга байланыштуу ишкананын жооптуу кызмат адамдарына карата да кылмыш иши козголду. Шектүү катары диспетчер менен инженер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуя боюнча тергөө иштери уланууда.