Ички иштер министрлиги Кыргызстанда жашаган чет элдик жарандарды өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого, анын салттарына, маданиятына жана коомдук тартибине урматтоо менен мамиле кылууга чакырды. Милиция кызматкерлери ар дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өлкөдө миграциялык ченемдерди жана мыйзамдын башка талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертип жатышканы айтылат.
– Алдын алуу иштери чет элдик жарандардын жашаган жана иштеген жерлеринде, адамдар көп чогулган жерлерде, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешкен иш-чаралардын алкагында жүргүзүлөт. Негизги максат – укук бузууларды алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана өлкө аймагында чет элдик жарандардын мыйзамдуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү,- деп билдирди министрлик.