Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 404 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалымдалгандай, шаар калкынын үлүшү 41,7 пайыздан 42,3 пайызга чейин көбөйгөн. Ал эми айыл калкынын үлүшү төмөндөп, 57,7 пайызга түшкөн. Калктын эң жогору өсүү көрсөткүчү Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облусунда. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл жана Нарын облустарында катталганын белгилейт мекеме.
Айта кетсек, Кыргызстан калкынын саны боюнча коңшу өлкөлөрдөн артта калууда. Өзбекстандын калкынын саны учурда 37 миллиондон ашык, Казакстандыкы 20 миллион, Тажикстандыкы 10,5 миллионду түзөт. Кыргызстанда төрөт көрсөткүчүн жакшыртуу максатында көп балалуу үй-бүлөлөргө мамлекет атайын каржылык колдоо убадалаган. Тагыраагы, “Бала береке” жөлөк пулу каралган. Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу үй-бүлөдөгү 4-балага 100 миң сом, 5-балага 600 миң сом, 6-балага 800 миң сом, 7-балага 1 миллион сом, 8-балага 1,2 миллион сом, 9-балага 1,5 миллион сом, 10 жана андан көп балага 2 миллион сом бир жолку төлөм берилет.