УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев 2027-жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышпайт. Анын билдирүүсүн тарапташы Өткүрбек Рахманов 16-июлда соцтармактагы баракчасына жарыялады. Ташиев 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоодо учурдагы өлкө башчы Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоору айтылат.
– Бул менин көптөн бери айтып келе жаткан так позициям экенин билесиздер. Себеби өлкөнүн туруктуулугу, мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин ынтымагы баарынан жогору турат. Мен мамлекетчил жана мекенчил адам катары досум Садыр Нургожоевичти колдойм. Досумду колдоо менен мен мамлекетибиздин өнүгүүсүн, элибиздин биримдигин жана Кыргызстаныбыздын келечегин колдогонум деп билем,- дейт Ташиев.
УКМКнын экс-төрагасы достукка бекем туруу менен келечек муунга үлгү болорун кошумчалады.