|
Архив
1204
1205
1206
1207
1208
1209
1210
1211
1212
1213
1214
1215
1216
1217
1218
1219
1220
1221
1222
1223
1224
1225
1226
1227
1228
1229
1230
1231
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1176
1177
1178
1179
1180
1181
1182
1183
1184
1185
1186
1187
1188
1189
1190
1191
1192
1193
1194
1195
1196
1197
1198
1199
1200
1201
1202
1203
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)№1231
Элдар тууралуу канчалык көп билген сайын, аны жарык дүйнөгө алып келген апасын көргүм келди. Эмнегедир Илим менен Элдардын окшоштугу жөн жерден эмес деген ой көкүрөгүмдү эзе берди. Мен бул окшоштуктун сырын билбесем болбочудай ошол эшикти каккылай бердим. Эмнеге мындай кылганымды өзүм да билбейм, балким, Илимдин тагдырына бекер жолукпагандырмын. Менин да бир салымым бардыр. Ичимде биздин сүйүүбүз ушундай орто жерден бүтүп калышына макул боло албай жаттымбы. Айтор, билбейм, бирок бир күнү кайраттанып: — Элдар, мен апаң менен таанышкым келет — дедим. Ал бир азга унчукпай калды. Жүзү өзгөрүп, көздөрү алысты тиктеп кетти. — Эмнеге күтүүсүз ушинтип каалап калдың? Биз жупуну жашайбыз, сени апама тааныштыргандан да тартынып турам. Апам пол жууп болсо да мени окутуп келе жатат. Мен деле окуудан кийин иштеп, жашоо-шартыбызды оңдоого аракет кылып жатам. Ошентсе да оңдолуп кете албадык — деди үшкүрүп. — Мен деле хан сарайда төрөлгөн жокмун. Мени да сеникиндей жалгыз бой аял чоңойтту, билим берди. - Сен чиновниктердин кызындай эле жүрөсүң. Көп тилди билесиң, спорт секцияларындасың. - Болгону апам жакшы билим берди, бир топ тилди өздөштүрдүм. Спорт менин кайда барып эмне кыларымды билбей калганда жардамга келген нерсе. Өзүмдү унуткум келгенде спорт менен машыгам. Ой жүгүрткөнгө эч бир убактым калбасын деп иштейм. Чоң, кичине жумуш болобу баарына кете берем. Элдар оор үшкүрдү. — Сенде да мендей эле нерселер бар экен да. Макул, апама алып барам. Бирок апам көп жылдан бери ооруп жүрөт. Жүрөгү ооруйт. Бул сөздү укканда капа болуп кеттим, анткени апам да оорукчан эле да. — Кечир... Мен билген эмесмин. — Сен кечирим сураба. Болгону ушундай... Эртеси экөөбүз шаар четиндеги айылдагы чакан үйгө бардык. Дарбазадан кирер замат эле бул үйдөн жылуулук сезилип турду. Элдар эшикти акырын какты. Эшик ачылып, ак жоолук салынган, жүзүнөн мээрим төгүлгөн аял көрүндү. — Келдиңби, балам? — деди ал Элдарды көрүп. — Келдим, апа. Таанышып коюңуз, бул — Тамчы. Сизге айтпадым беле? Мен акырын башымды ийип: — Саламатсызбы, апа — дедим. Ал мага көпкө чейин тигилип турду. Анан жылмайып, колумду акырын кармады. — Сен экенсиң да. Келегой кызым... Ошол сөздү укканда көзүмө жаш тегеренди. Анын алаканы ушунчалык жылуу экен. Көптөн бери өзүм да сагынган энелик мээримди ошол көз ирмемде сезгендей болдум. Апаларды көргөндө жүрөктө бир нерселер болот, эмне экенин жакшы билбейм. Үйдүн ичине кирдик. Жупуну жасалгаланганы менен тыкан, таза үй экен. Дубалда илинип турган сүрөттөрдү карап жатып, жаш, сулуу аялдын сүрөтүнө көзүм түштү. — Бул сизби? — деп сурадым. — Ооба, кызым — деп жылмайды ал. Мен сүрөттү карап туруп, Элдарды карадым. — Эми түшүндүм... — Эмнени? — деди Элдар. — Сенин көздөрүң апаңа окшош экен. Элдардын апасы көзүнө жаш алып мага жакындады. — Кызым, кандай керемет жылуулук алып келдиң. Сени да мен көптөн бери билип, күтүп жүргөндөймүн. Мен аны бекем кучактап алдым. Эмнегедир өзүмдү бул үйгө биринчи жолу келгендей эмес, көптөн бери ушул жерге таандык адамдай сезип турдум. Бир аздан кийин Элдардын апасы мени дасторконго чакырды. Самоордун буусу чыгып, жаңы демделген чайдын жыты үйдүн ичин каптап турду. Көмөч нан да көзүмө жылуу көрүндү. Эмнегедир өзүмдү мурда эле келип-кетип жүргөндөй эркин сезип калдым. — Кызым, жаныма жакыныраак отурчу, менин көзүм бир аз начар көрөт — деди апасы жылмайып. Мен анын жанына жакын отурдум. - Менин атым Айым. Бул келишимдүү жигиттин апасымын! Элдар сен жөнүндө көп айтып берчү, бирок бүгүн гана өз көзүм менен көрүп жатам. Жылмайып койдум. — Жакшы сөздөрдү эле айткандыр деп үмүттөнөм. Жарым жылдан бери таанышпыз, терс сапаттарымды көрсөтө элекмин деп ойлойм. Апасы акырын күлүп жиберди. — Жок, жаман сөз айтпады. “Тамчы өтө өжөр, бир айтканынан кайтпайт. Бирок жүрөгү таза, эч кимди кыйын учурда таштабайт” деп көп айтчу. Элдар ыңгайсыз боло түшүп: — Апа... — Эмне, жалган айттымбы? — деп апасы уулун тамашалап койду. Мен да күлүп жибердим. — Демек, мени сырттан эле жакшы таанып калыпсыз да. — Эне жүрөгү баарын сезет, кызым. Адамды көрбөй туруп эле анын кандай экенин баласынын сөзүнөн билсе болот. Апасы мага чай куюп берип жатып айрым суроолорду берип жатты. Билими деле жок аял, бирок адамдын көңүлүн аябай кылдат карап анализдегенине таң калдым. Куду психологдун кабыл алуусунда отургандай сездим өзүмдү. — Бала кезиң кандай өткөн? Эмнени жакшы көрөсүң? Эмнеден коркосуң? — деген сыяктуу суроолорду берип жатты. Мен акырындык менен өзүм тууралуу айтып бере баштадым. Балалыгымды, жашоодо башымдан өткөн сыноолорду, жоготууларымды, кайрадан жашоого ишенүүгө аракет кылган күндөрүмдү айттым. Болгону Илим тууралуу айта албадым, ага болгон сезимдеримди бир адамга айтып берүүм мүмкүн эместей. Ал сөзүмдү бөлбөй, кунт коюп угуп отурду. — Сен көп нерсени башыңдан өткөрүпсүң, кызым — деди ал акырын. — Бирок көзүңдөгү жылуулук өчпөптүр. Ошону сактап калганыңа сүйүндүм. Анын сөздөрү жүрөгүмдү жылытты. — Рахмат сизге! Мындай сөздү көптөн бери эч ким айткан эмес. Ал колумду акырын кармады. — Бүгүнтөн баштап бул үйгө конок болуп эмес, өз адамыбыз болуп кел. Эгер көңүлүң чөксө, сүйлөшкүң келсе же жөн гана чай ичип отургун келсе, эшигибиз сага дайыма ачык. Көзүмө жаш тегеренди. — Рахмат, апа... Бул сөздү өзүм да байкабай айтып жибердим. Ал мени мээримдүү карап, жылмайып койду. — Ушул сөзүң мага жетиштүү болду, кызым. Менин да бир кызым болсо дал сендей болушун каалайт элем. Ошол күндөн кийин Айым апам экөөбүздүн ортобуздагы тартынуу жоголду. Ар бир жолугушууда сааттап сүйлөшүп калчубуз. Ал мага өзүнүн жаштыгы, турмуштагы кубанычы менен кайгысы жөнүндө айтып берсе, мен ага өз жүрөгүмдөгү сырларды ишенип айта баштадым. Аз убакыттын ичинде эле мен үчүн ал Элдардын апасы эмес, өз энемдей болуп калды. Дем алыш күндөрү алардыкына көп келчүмүн. Ал жактырган таттуу шириндикти алып алар элем. Бир күнү экөөбүз короодо чай ичип отурдук. Элдар сырттагы иштер менен алек эле. Экөөбүз жалгыз калганда анын жүзүнө тигиле карадым. — Апа, эгер каршы болбосоңуз жаштыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз. Кандай кыз элеңиз? Ал бир азга унчукпай калды. Чайын акырын аралаштырып туруп, терең үшкүрдү. — Менин балалыгым, жаштыгым көпчүлүк ойлогондой болгон эмес, кызым. Мендей кыйынчылык көргөндөр аз болсо керек, ылайым аз болсун. Мен үн катпай угуп отурдум. — Мен ата-энемдин мээримине тойбой чоңойдум. Алар мени кичинекей кезимде эле таштап кетишкен. Ата энемди билбейм. Балдар үйүндө чоңойдум, 15 жашка чыкканда ал жактан качып кетүүгө аргасыз болгом. Жүрөгүм зырп этти. — Чын элеби?.. Ал акырын башын ийкеди. — Ооба. Жетимдер үйүндө чоңойдум. Майрам болгондо башка балдардын ата-энелери келип алып кетишчү. Мен болсо терезеден карап, алардын артынан узатып кала берчүмүн. Балалык кезимдеги эң чоң кыялым – бирөө келип: “Кызым, үйгө кеттик” деп айтса дечүмүн. Бирок эч ким келбеди, мен ал жактан жашоомдун маңызы болгон чоң сүйүүнү жолуктурганча аябай жаман абалда жашадым. Менин көзүмө жаш тегеренди. — Балалыгыңызда өзүңүздү аябай жалгыз сезчү белеңиз? — Абдан. Бирок ошол жалгыздык мени сындырган жок, тескерисинче, күчтүү кылды. Өзүмө өзүм тирек болууну үйрөндүм. Китеп окуп, жакшы окууга аракет кылдым. Бир күнү сөзсүз өз үй-бүлөм болот, балдарым эч качан мен көргөндү көрбөйт деп өзүмө сөз бергем. Бирок сөз берген башка, тагдыр башка болот тура. — Ошол сөзүңүздү аткарыпсыз, апа. Элдар сизди абдан жакшы көрөт. Ал жылмайганы менен көзүнө жаш толду.
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
| |