Кичинекейлер эле эмес, чоңдордун дагы кызыгуусун жараткан Киндер-сюрприз шоколадын качан жана ким ойлоп тапкан деп ойлойсуз? “Kinder” немис сөзү, которгондо “балдар” деген маанини түшүндүрөт. Шоколаддын аталышы толугу менен “балдар сюрпризи” дегенди билдирет. Kinder Surprise соода маркасы италиялык Ferrero компаниясына таандык.
Тарыхы
Жумуртка шоколадын ойлоп тапкан адамдын аты – Вилльям Саличе. Италиялык ойлоп табуучу кондитердик Ferrero компаниясына 1960-жылы жумушка кирип, ал жакта компаниянын ээси Микеле Ферреронун оң колуна айланган. 40 жыл иштеп, 2007-жылы гана пенсияга кеткен экен.
1968-жылы компания жумуртка формасындагы түрдүү азык-түлүктөрдү чыгара баштайт. Арасында Kinder Ferrero линейкасы жаш балдар үчүн чыгарылып, Пасха майрамына жакын аябай актуалдуу болгон. Бир күнү “Нутелланын атасы” атка конгон Микеле Ферреро кызматкерлерине “эмнеге балдар Пасха майрамын жакшы көрөт билесиңерби? Анткени жумуртка алышат, жумуртканын ичинде сюрприз болот. Келгиле, балдар үчүн каалаган күнү майрам болгудай кылабыз” дейт да, 1974-жылдан баштап жумуртка-шоколаддарды сатыкка чыгарган.
100 оюнчук
Ferrero компаниясы жыл сайын 100 жаңы оюнчук ойлоп таап, жумуртканын ичине салып турат. Мунун баары жаш балдар оюнчуктарга көнүп, тажап калбашы үчүн болгон аракет. Дүйнө жүзү боюнча жумуртканын ичиндеги оюнчуктарды коллекциялаган адамдар көп. 2016-жылдан баштап жумуртканын ичине мультфильм жана популярдуу интернет оюндарынын каармандарынын оюнчуктары салына баштаган. Мисалы, Барби куурчактарынын түрлөрү, Marvel жана Disney каармандары, “Бремен музыканттары”, “Маша жана аюу”, “Aватар”, “Том жана Жерри” жана башкаларды тапса болот.