Агартуу министрлиги 2026-2027-окуу жылына карата базистик окуу пландарын бекитти. Анда окуучулардын каникулдары, окуу предметтери, окуу пландарына кошулган өзгөрүүлөр камтылган. Быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт. Мындай чечим Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (31-августтан 6-сентябрга чейин), ШКУга мүчө мамлекеттердин саммитинин (31-август - 1-сентябрь) жана Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын (11-12-сентябрда) өткөрүлүшүнө байланыштуу кабыл алынды.
Жаңы окуу жылында да 12 жылдык билим берүү моделине өтүү улантылат. Анын алкагында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстардын окуучулары жаңы окуу программалары жана окуу китептери менен билим алышат. Кесипке багыт берүү максатында 8-класстарда жумасына 2 сааттан 14 профилге чейинки даярдоо программасы киргизилет. 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга салттуу баалар коюлбайт. Алардын билим жетишкендиктери сапаттык жана сыпаттык баалоо ыкмасы аркылуу аныкталат.
Каникулдардын датасы да бекитилди. Күзгү каникул – 2026-жылдын 11–15-ноябры (сабактар 16-ноябрда башталат). Кышкы каникул – 2027-жылдын 1–10-январы (сабактар 11-январда башталат). Жазгы каникул – 2027-жылдын 3–8-марты (сабактар 9-мартта башталат). Май майрамдарындагы эс алуу – 2027-жылдын 1–9-майы (сабактар 10-майда уланат). Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн каникул дагы эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага узартылат.
Ошондой эле быйыл өлкөдөгү 500 мектептин 3 жана 5-класстары үчүн шахмат боюнча ийримдер уюштурулмакчы.