Бириккен улуттар уюмунун ВИЧ-СПИД боюнча программасы ВИЧке каршы күрөшкө бөлүнгөн каражаттын азайышы дүйнөдө жаңы эпидемиянын чыгуу коркунучун күчөтүп жатканын билдирди.
Уюмдун жаңы баяндамасына ылайык, 2025-жылы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө берилген эл аралык жардам 23 пайызга кыскарып, ВИЧ программаларын каржылоо 8,8 миллиард доллардан 7,3 миллиард долларга чейин азайган. Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды. Каржылоонун азайышынан улам жакыр өлкөлөрдө ВИЧтин алдын алуу боюнча көптөгөн программалар жабыркады. Айрым мамлекеттерде презерватив сатып алууга жана тобокел тобундагы адамдар менен иштөөгө бөлүнгөн каражат 50–85 пайызга чейин кыскарганы белгиленет маалыматта.
БУУнун билдиришинче, 2025-жылы дүйнөдө 1,2 миллион адам ВИЧ жуктуруп, СПИДге байланыштуу оорулардан 570 миң адам каза болгон. Учурда ВИЧ менен жашаган 41 миллион адамдын 9 миллионго жакыны керектүү дарыланууну албай келет. Эксперттердин эсебинде, эгер шашылыш чаралар көрүлбөсө, 2030-жылга чейин ВИЧти жаңы жуктургандардын саны жылына 3 миллиондон ашып кетиши мүмкүн.