Тарыхый-маданий имараттарды бузууга 10 жылдык мораторий киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбоору сунушталды. Маданият министрлиги иштеп чыккан долбоор коомдук талкууга коюлду. Документте мораторий кандай чектөөлөрдү талап кылары көрсөтүлгөн: Ага ылайык, тарыхый-маданий мурас объекттерин тарыхый-маданий баалуулугун жоготту деп таанууга, өлкөнүн тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарууга, бузууга жана демонтаждоого тыюу салынат. Ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо аймактарынын чегинде реставрациялоо, консервациялоо иштери жана музейлештирүү иштеринен тышкары, жаңы курулуштарды жүргүзүүгө да тыюу салынат.
Буга чейин Бишкекте айрым тарыхый имараттар бузулуп кеткен. Мисалы, мурдагы Ысык-Көл мейманканасынын ордунда азыр президенттик сарай – Ынтымак Ордо жайгашкан. Мейманкананы жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтер реестринен президент жана өкмөттүн иш башкармалыгынын демилгеси менен чыгарылганы маалымдалган. Атайын комиссия имаратты кооптуу абалда деп тапкан.