Артериалдык кан басымды калыпта кармаган, түшүргөн жана кан тамырларды тазалаган азыктардын бири – кызылча ширеси.
Кантип иштейт?
Бышкан же чийки кызылчага караганда анын ширесинде максималдуу түрдө пайдалуу нитраттар сакталып турат. Организмге киргенде нитраттар азот оксидине айланат – бул кан тамырлардын күчтүү релаксанты болгон газ. Ал кан тамырларды кеңейтип, кан айланууну жакшыртат, натыйжада кан басым төмөндөп калыпка келет.
Качан ичүү керек?
Кызылча ширесин ач карын, эртең мененки тамакка 30 мүнөт калганда ичүү туура. Анткени ач карын нитраттар тез сиңет. Адамдын кан басымы ал ойгонгуча эле көтөрүлүп баштап, түшкө маал эң жогорку чекке жетет. Эртең менен ичилген шире ошол жогорку чекти “жумшартып” кетет. Ширенин пайдалуулугу ичкенден 3 сааттан кийин натыйжа берип, 10 саатка чейин кармалып турат.
Шире жасоо
Орточо көлөмдөгү 1-2 кызылчаны жууп-тазалап, шире сыккычтан өткөрөбүз. Даяр ширени 2 саатка муздаткычка салып туруу керек. Колдонордо 1:1 суу же сабиз ширесин кошуу зарыл. Алгач 50 миллилитрден баштап, акырындап 200-250 миллилитрге жеткиребиз. Ичүү курсу 2 аптадан ашпоосу зарыл.
Дайыма кан басымды түшүрүүчү дары-дармек ичкендер кызылча ширесин ичүүгө болобу же жокпу алдын ала дарыгер менен сөзсүз кеңешүүсү зарыл.
Эскертүү! Ашказан кычкылы жогору болгондорго жана ашказанында жара, гастрит дарты барларга, бөйрөк ооруларында, кан басымы төмөндөргө (гипотония), кант диабети менен ооругандарга ичүүгө болбойт.