Бишкек шаардык сотунда “75чилердин” каты деп аталган кылмыш иши 10-августта каралат. Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады. Буга чейин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берген. Ошол эле учурда ишти караган прокурорлор да шаардык сотко даттанышканы маалымдалган.
Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту резонанстуу “75чилердин” иши боюнча өкүм чыгарган. Аталган иште айыпталып жаткан 8 адамдын үчөө, тагыраагы, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылышты. Айыпталуучуларга 3 жылдык пробация жазасы чегерилди.
Аталган берене боюнча саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов дагы күнөөлүү деп табылып, 4 жылга абакка кесилишти.
Бирок сот аларды 3 жылга үй камагына чыгарды. Ал эми “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча бардык айыпталуучулар акталышкан.