Өлкөдө 1-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 1700 сомго көбөйүп, 8800 сом болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 5-августта “Кабарга” берген маегинде билдирди.
- Мурда жыл сайын 200, 300, эң көп дегенде 500 сомдон кошчубуз. 1-октябрдан тарта минималдуу пенсия 8800 сом болот - деди өкмөт башчысы.
Касымалиев пенсияны көбөйтүүгө камсыздандыруу фондуна түшкөн каражаттын көбөйгөнү шарт түзүп жатканын белгилеген. Бүгүнкү күндө пенсиянын орточо өлчөмү 11 000 сомду, минималдуу өлчөмү 7100 сомду түзөт.
Расмий маалыматка таянсак, учурда Кыргызстанда 823 миң пенсионер бар. Анын ичинен 150 миңдейи ар кайсы тармакта жумуштарда иштеп жатышат.