Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүүгө шектелип 38 жаштагы жаран кармалганын 6-августта Чүй облустук милициясы билдирди.
Шектүүнүн жубайы милицияга арыз менен кайрылган. Ал жолдошу үч жылдан бери өзүнө жана жашы жете элек эки баласына зомбулук көрсөтүп келе жатканын айткан. Акыркы жолу шектүү жубайы менен балдарын электр зымы жана күрөк менен урган. Факт боюнча жабырлануучуларга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.