|
Архив
1204
1205
1206
1207
1208
1209
1210
1211
1212
1213
1214
1215
1216
1217
1218
1219
1220
1221
1222
1223
1224
1225
1226
1227
1228
1229
1230
1231
1232
1233
1234
1235
1236
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1176
1177
1178
1179
1180
1181
1182
1183
1184
1185
1186
1187
1188
1189
1190
1191
1192
1193
1194
1195
1196
1197
1198
1199
1200
1201
1202
1203
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
БАЛАНЫН БОЮ ЭМНЕГЕ ӨСПӨЙ КАЛАТ?№1235
Баланын бою канча өсүшү керек? Балдардын боюнун өсүшү боюнча шкала бар. Ал боюнча жаңы туулган ымыркайдын бою 49-51 сантиметр аралыгында болот. 1 жашында бою 74-77 сантиметрди түзөт. Башкача айтканда, 25 сантиметрдей өсөт. Андан ары 2 жашында 8-12, 3 жашында 7-8 жана андан кийинки жылдары жыл сайын 4-6 сантиметрге өсүп туруусу талапка ылайык. Боюнун өсүүсүн жыл сайын бир убакытта ченеп, жазып туруу керек. Эгер бала 4 жашка көрсөтүлгөн өлчөмгө 4 сантиметр жетпей жаткан болсо, анда педиатр, эндокринолог адисине кайрылышыңыз зарыл. Бойдун өсүшү 17-25 жашта токтойт. Айта кетчү нерсе, бала ата-энесин тартып узун, орточо же кыска болушу ыктымал. Бул – тукум куучулук фактор.
Баланын бою канча болорун алдын ала билсе болобу? Ата-энесинин боюна карап баланын боюнун узундугу канча болорун эсептеп чыгаруу ыкмасы бар. Ата-энесинин бойлорунун санын кошуп, чыккан сумманы кайра экиге бөлүп, андан 6,5 сантиметрди кошуп жана кемитүү керек. Кыздардан 6,5 сантиметр кемитилет, балдарга 6,5 сантиметр кошулат. Кыздар: Атасынын бою 175, апасыныкы 160 сантиметр. 175+160=335. 335:2=167. Балдар: Атасынын бою 175, апасыныкы 160 сантиметр. 175+160=335. 335:2=167. 167+6,5=173,5. Баланын бою 173 сантиметр болушу мүмкүн.
Врачка качан кайрылуу зарыл? • Балага кийимди чанда алып берүү. Анткени 2-3 жылда анын бою өскөн эмес же аз өскөн, ошого кийимдери дагы деле чак келет же бир аз гана кыска келип калган болот. • Бою теңтуштарынан кичине болуп, бала бакчада, мектептеги кезинде 1 жылда бою 4-6 сантиметрден кем өсүп жатса. • Өспүрүм кезде жыныстык жактан теңтуштарына караганда кеч жетилип жатканы байкалса.
Бойдун өсүшүн токтотчу факторлор • Тубаса патология. Бала курсакта кезинде эндокриндик жабыркоодон улам боюнун өсүүсү патологияга учурайт. • Тукум куучулук, гендик мутация. • Социалдык фактор. Баланын жашоо шарты, тамактануусу начар болсо бойдун өсүшүнө таасир этүүчү витамин, микроэлементтер жетпей калат. Мисалы, белокту жетишерлик өлчөмдө кабыл албаган баланын боюнун өсүүсү жайлайт. Балдар “А” витамини бар тамактарды көп жегени жакшы. Бул витамин боордо, сүттө, жумуртканын сарысында, ошондой эле сабиз, кызылча, ашкабак жана башкаларда болот. • Стресс, депрессия. Организмди борбордук нерв системи башкаргандыктан өсүп-өнүгүү стадияларында, өзгөчө 2-3, 6-7, 12-14 жашында баланын психикалык абалын көзөмөлдөө туура. Айрыкча кыздарда 11-12 жаш, балдарда 13-14 жаш курагында гормондордун таасири астында акырындык менен жыныстык жактан өөрчүүнүн белгилери пайда боло баштайт. Кыздарда сүт бездери өөрчүп (эмчек), балдарда денесине түктөр чыгып, үнү жооноюп дегендей. Мындай жетилүү убагында сөзсүз нерв системинде өзгөрүүлөр (стресс, депрессия, эмоцияга алдыруу) байкалат. Үйүндө уруш-талаш көп, анан дагы ур-токмокко кабылган балдарда да боюнун өсүшүндө мандем байкалат. • Газдалган суусундуктар. Таттуу, газдалган суусундуктар организмдеги кальцийди жууп кетип, сөөктү борпоң кылат. Бул бойдун өсүүсүнө зыянын тийгизет. • Жаш курагына туура келбеген жумуштар. Баланын организмине күч келтирип, ашыкча кара жумуш жасатуу бойдун өсүүсүн кечеңдетет. Себеби омурткаларга доо кетет. Баланын организмине күч келтирген спорттук машыгуулар дагы анын боюнун өсүүсүнө зыянын тийгизет. Андыктан бойдун өсүү мезгилинде сууда сүзүү, волейбол, баскетбол, секирүү сыяктуу спорттун жеңил түрлөрү менен алектентүү туура. • Оорулар. Гипотиреоз. Калкан сымал без тироксин жана трийодтиронин гормондорун бөлүп чыгарат. Булар сөөктүн жана мээнин өсүшүн, зат алмашууну башкарат. Эгер без гипотиреоз дартына чалдыкса, баланын боюнун өсүшү артта калып баштайт. • Анемия. Кандын курамындагы темирдин жетишсиздиги, гемоглобиндин аздыгы да организмдин, анын ичинде бойдун өсүшүнө терс таасир тийгизет. •Ичеги оорулары. Тамактагы керектүү азык-заттар ичегиге жакшы сиңбей, бойдун өсүшү жайлайт. • Башка оорулар. Целиакия (ун азыктарындагы глютен сиңбеген оору), нерв системинин айрым оорулары, баштан алган жаракаттар, дисплазия да бойдун өсүшүнө канчалык бир даражада тоскоолдук кылат.
Кантип өстүрүүгө болот? Баланын боюнун эмне себептен өспөй жатышын аныктап, дарылоодо бою, салмагы текшерилет. Анализдери, анын ичинде гормоналдык анализдер тапшыртылат. Ички органдары, калкан сымал бези УЗИден өткөрүлөт. Башы компьютердик томографиядан текшерилиши мүмкүн. Педиатрдан тышкары, ооруларына жараша невролог, генетик жана башкалардын да жардамы керек болот. Мисалы, айрым бою өспөй калган балдардын акыл-эсинин өсүшү да артта калган болот. Бул жатта невролог текшерет жана дарылайт. Кайсы бир комплекстерден арылтууда психолог иштейт. Боюнун өспөй калышы эндокриндик маселеден улам чыкса, анда анын жүрөк, бөйрөк, боорунун да иштөөсү начарлаган. Демек, эндокринолог дарылашы керек.
Дарылоо Комплекстүү дарылоодо витаминдер, микроэлементтер, анемия бар болсо андан арылтуучу каражаттар сунушталат. Хирургиялык жол. Бул жаатта ортопеддерге кайрылып, кеңеш алып, анан изилдөөлөрдүн жыйынтыгына карап чечим кабыл алуу шарт.
Канымжан Усупбекова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
| |