|
Архив
1204
1205
1206
1207
1208
1209
1210
1211
1212
1213
1214
1215
1216
1217
1218
1219
1220
1221
1222
1223
1224
1225
1226
1227
1228
1229
1230
1231
1232
1233
1234
1235
1236
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1176
1177
1178
1179
1180
1181
1182
1183
1184
1185
1186
1187
1188
1189
1190
1191
1192
1193
1194
1195
1196
1197
1198
1199
1200
1201
1202
1203
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Жанадил Салымбеков, вайнер: “ВАЙНДЫ АКЧА ҮЧҮН ЭЛЕ ТАРТПАЙМ”№1236
– Кандайсыз, Жанадил? Вайн тартуу, блогерлик сизде кантип башталды? – Жакшы, рахмат! Мен “эртең сөзсүз блогер болом” деп эле блогер болуп кеткен жокмун. Бул дагы Кудайдын буйругу окшойт... 2023-жылы болчу. Жөн эле элди күлдүргүм келди да, күлкүлүү видео тартып интернетке киргизип койдум. Эмнегедир көрүү топтоп, элге жагып кетти. Андан кийин уландысын тартып коёюн дедим. Ошентип эле башталып кетти. Негизи вайнер болом деген ой жок болчу, болгум келчү, бирок кантип болорун билчү эмесмин. Бара-бара эл мени блогер дей башташты, “аа, ошондой турбаймынбы” деп мотивация алып андан ары кирип кеттим. – Сизде актёрдук чеберчилик бар, мимика, эмоциялар өзгөчө, бул жаатта атайын окугансызбы? – Жок, актёрдук билимим жок. Бул сөзүңүз мен үчүн аябай чоң комплимент болду. Бирок мурдатан эле кино көрүп жатканда анализ кыла берчүмүн, “ушул жерин минтип ойноп койсо сонун болмок, мен болсом минтип ойномокмун” деген сыяктуу ойлор болчу. Кесибим боюнча менеджермин, Ата-Түрк “Ала-Тоо” университетинин бизнести башкаруу бөлүмүн бүтүргөм. 5 жыл кесибим боюнча иштеп, кийин курулуш тармагына өтүп кеткем. Албетте, ал жакта деле мык кагып үй салбайм, сатуу, ортомчулук кылуу жагын башкарам. Кесип дегенде мага ар түрдүү ойлор келчү болду. Азыр блогерлик жагына көп ыктап, медиа тармагында жүрүп калдым. Актёр, вайнер, блогер, жарнама тартуучумун, кыскасы, көп тармактуу болуп кеттим окшойт (күлүп). Күтпөгөн жерден эле жолдор ачылып, жашоонун сюрприздери чыга калып жатат. – Блогерликтин аркасы менен тасмага тартылууга да жетиштиңиз. Кандай болду, жактыбы ал тармак? – Анткени булар бир казанда кайнай турган окшош кесиптер экен да. Ырчысы, чоорчусу, актёру баары бир кайыкта. Вайн тартып жатсам, эл кабыл алса эмнеге актёр болбошум керек деген ой келди. Бирок бул ой биринчи мага келген жок, режиссёрлордон көп сунуштар түшүп жатты. Башында көнбөй жаттым, анткени драмадан, мелодрамадан өзүмдү көрө албадым. Мага күлкүлүү образ керек эле. Бир продюсер келип “эл сенден актёрлук күтүп жаткандай” деп калды. Кинодо деле вайндардагы образым боло турган болду. Эрмек Таалайбеков деген режиссёр тартты. Бир жылдай даярданып отуруп быйыл тарттык, буюрса, элге жарыялаганы турабыз. Үй-бүлөлүк комедия, сапаттуу кино болду деп ишенем. – Аскат Сулайманов сыяктуу кесипкөй актёрлор менен тең ата ойной алдыңызбы? – Аскат Сулайманов, Калипа Таштанова сыяктуу мыкты актёр, актрисалар менен бир аянтчада ойноо мага сыймык болду. Менин биринчи ролум, бирок ошондой кишилер менен баштаганыма ыраазымын. Ооба, сүрү дагы болот экен, бирок тажрыйба да укмуш болду. Мисалы, күлүп сүйлөп жатып эле “камера, мотор” дегенде ыйлап салган учурлар болду. Режиссёр да мыкты болгон үчүн мага жеңил болду, сыягы. Баары колдоп, күч-кубат берип турушту. – Вайндарыңыз көбүнчө атаңыз тууралуу. Айтсаңыз, атаңыз чын эле сизди ошончолук катуу кармаганбы? – Атам – менин жашоомдо абдан маанилүү орунду ээлеген адам. Менин кумирим. Вайнда тарткандай эле, эжем келип атамдан акча сураса анын сураганынан да көп берип, а мен сурасам аз эле берип койчу. Бирок бул дагы тарбиянын бир түрү болгон экен. Анткени тентек бала элем, мени катуураак кармабаса, азыр кайсы жерлерде жүрөт элем, ким билет... Кыз эркелеп, “аталап” чайын куюп, айтканын аткарып турса ага өзгөчө мамиле жасайт да. Атам мени көчөгө көп чыгарчу эмес, көп урушчу. Көрсө, атам мага жакшылык каалаган экен. Азыр шүгүр кылам. Вайндагы окуялардын көбү атам экөөбүздүн башыбыздан өткөн. Ата-энем мугалим эле, 90-жылдардан кийин соода тарапка өтүп кетишкен. – Балалыгыңыз кайсы жерде өттү? – Менин түбүм Таластан, тайларым Ысык-Көлдөн болушат. Ата-энем борбордо жашашты. Каникулдарда көбүнчө таякелерим жакта болчумун. Таятам мага көп нерсени үйрөттү. 6-класста түрк лицейинин сынагынан өтүп кетип Нарында окудум. Лицейден кийин Бишкекке келип, кийин Түркияда окуп, иштеп жүрдүм. Вайн тартууну да Түркияда жүргөндө баштагам. Бир жерде тынч тура албаган жайым бар, атам айткандай (күлүп). Бир ишти чала кылып, башкасына кете бермей деле жайым жок, бирок көп тармакты байкап көргөндү жакшы көрөм. Көп нерсеге кызыга берем. 2025-жылы Түркиядан көчүп келдим, биротоло келдим десем болот. Үй-бүлөмдү алып келип, азыр ата-энебиз менен чогуу турабыз. Келинчегим мугалим. Бир кызыбыз бар, 8 жашта. 1-классты Түркиядан окуп, эми кыргызча үйрөнүп жатабыз. – Блогерлик акча табуунун жолубу же чыныгы чыгармачылыкпы, сиздин оюңузча? – Чыгармачылык көп бөлүгүн ээлейт. Анткени акча үчүн эле вайн тартып, бирок жумушунан кайф албаса, адам чарчап кетет. Анан адамдар деле азыр акылдуу, 5 видеодон кийин эле кимдин ким экенин билип коюшат. 100 миңдик блогер болсоң деле, жалаң акча дей берсең бир күнү чарчап, эч нерсе кылгың келбей калат. Ошондуктан өзүңдөй эле болушуң керек, кылып жаткан нерсеңди ырахат менен кылып, элдин ыраазычылыгын көздөсөң, сага баары келе берет экен. Жарнамалар, популярдуулук, кайдан-жайдан эле укмуш сунуштар келип, алдыга кете берет экенсиң. Мен тажрыйбамда акча табууну көздөгөн эмесмин, чыгармачылык көбүрөөк болгон деп айта алам. – Канча жашка чейин вайн тартам деп ойлойсуз? – Көп жылдар бою эле тартсам керек. Болгону 45 жашта башка тематикада тартышым мүмкүн. Анткени адамдын дүйнө таанымы өзгөрө берет тура. Аял-күйөө, ата-бала мамилеси башка бир көз караш менен тартылса керек. Токтобой эле канча жаш берсе ошончо тарта берейинчи (күлүп). – Камера өчкөндө деле ушул Жанадилсизби? – Албетте, чыныгы мүнөзүм образымдагыдай эле. Тамашалап, күлүп, жайдары жүрүүнү жактырам. Эми бир аз башкача болушум мүмкүн, анткени кээде олуттуу болууга туура келип калат. 24 саат бою күлүп жүрө албайсың да. Жалпы жонунан вайндарымда кандай болсом, жашоодо деле ошондой элемин. – Ийгиликтериңизге өз күчүм менен жеттим деп эсептейсизби? – Жок, Кудай сактасын, антип ойлобойм. Кудай-таалам өзгөчө бир жөндөм берип, мени ушул жолго салды. Эң башынан эле кыргызча контент кылам, элге жаксам экен деп ниет кылгам. Бир аз аракет кылсам Кудай мага андан да чоңураагын берди. Жакындарым, досторум камера алып тарта коюшат. Алтургай азыр атам идея айтып, видео тартып жиберет, келинчегим да ойлорун айтып турат. Апам да сын көз менен бир карап ийип, оңдоп коёт. Кыскасы, айланамда ким болсо, ошолордун баарынын жардамы менен ийгиликке жетип, миллиондогон көрүүлөр болуп жатат. Ошон үчүн мен жалгыз кылып жатам, ийгиликке жалгыз жеттим деп төш кага албайм. Биринчиден, Кудай колдоп, экинчиден, жанымдагы жакын адамдардын колдоосу менен болууда. – Маегиңиз үчүн рахмат!
Нуржамал Жийдебаева "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
| |