|
Архив
1204
1205
1206
1207
1208
1209
1210
1211
1212
1213
1214
1215
1216
1217
1218
1219
1220
1221
1222
1223
1224
1225
1226
1227
1228
1229
1230
1231
1232
1233
1234
1235
1236
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1176
1177
1178
1179
1180
1181
1182
1183
1184
1185
1186
1187
1188
1189
1190
1191
1192
1193
1194
1195
1196
1197
1198
1199
1200
1201
1202
1203
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)№1236
Жашоо мени жалгыз калтырганда, колумда кармап калган жалгыз байлыгым – уулум Элдар болду. Ошол күндөн тартып мен өзүм үчүн эмес, балам үчүн жашай баштадым. Элдар кичинекей болчу. 14 гана жашта эле, атасы каза болгондо. Атасынын жоктугун сезбесе экен, эч нерседен кем болбосо экен деп, ичимден миң жолу тиленчүмүн. Бирок эне канча күчтүү болбосун, жалгыздыкты жашыруу оңой эмес экен. Кээде түн ичинде Элдар уктап калганда, анын жанына отуруп алып үн чыгарбай ыйлачумун. Эртең менен болсо көз жашымды сүртүп, эч нерсе болбогондой күлүп «тур, балам, бүгүн жакшы күн болот» дечүмүн. Мен ага эне да, ата да болууга аракет кылдым. Ооруп калса жанында отурдум, мектепке керектүүсүн таппай калсам өзүмдөн кестим. Өзүмдүн жаңы кийимимди албай, анын кийимин алдым. Өзүм ачка жүрүп калсам да «мен токмун» деп, анын алдына акыркы нанды койдум. Элдар чоңойгон сайын менин жалгыздыгым да чоңоюп бараткандай сезилчү. Бирок анын бир жылмайганы бүт дүйнөмдү ордуна коюп койчу. Мен балама байлык калтыра алган жокмун. Үй, машина, чоң мурас бере алган жокмун. Бирок ага бир нерсени берүүгө аракет кылдым – эч кимге таянбай туруп да адам бойдон калууну, кыйынчылыкка сынбоону жана жүрөгүндө мээримди сактоону. Ошентип, Элдарды жалгыз чоңойттум. Анын ар бир кадамын карап отуруп, өзүм да кайрадан жашоону үйрөндүм. Ал менин балам эле эмес, жалгыздыктан алып чыккан үмүтүм болду. Ошондо түшүндүм, кээде аялды жашоодо кармап калган нерсе – күч эмес. Анын баласынын «апа» деген бир ооз сөзү экен. Элдарды жалгыз чоңойтуп жатып, мен сыртынан күчтүү көрүнгөнүм менен, ичимде бүтпөгөн бир жараны көтөрүп жашадым. Ал – жоголгон уулум эле. Аны бир күн да унута алган жокмун. Кээде элдин арасында күлүп жүрүп эле, капысынан жүрөгүм тилинип кетчү. Анын үнү кулагыма угулгандай, кичинекей колдору көз алдыма тартылгандай болчу. Жоголгон уулумдун элеси оозу ачылып калган жарадай жанымды оорутуп турчу. Убакыт өтсө да, ал жара бүтпөдү. Болгону мен аны оорутпай жашырууну үйрөндүм. Элдар мени «апа» деп кучактаганда, бир жагынан жүрөгүм жылып, экинчи жагынан жоголгон балам эсиме түшүп, ичимден сыздап кетчүмүн. Бир баламдын жылуулугу экинчи баламдын жоктугун унуттурган жок. Мен өзүмө көп жолу «балким, эми унутушум керек» дедим. Бирок эне үчүн баласын унутуу деген нерсе жок экен. Сен анын жүзүн көрбөй калсаң да, жүрөгүңдө күн сайын көрүп жашай берет экенсиң. Мен аны өлдү деп да, тирүү деп да кабыл ала алган жокмун. Үмүтүмдү өчүрүүгө корктум. Анткени үмүт өчсө, аны экинчи жолу жоготуп алгандай болмок. Ошондуктан мен Элдарды чоңойтуп жатып да, жүрөгүмдүн бир бөлүгүн ошол жоголгон уулума сактап келдим. Убакыт мени өзгөрттү, жашоомду уланттым, бирок эне жүрөгүмдө анын орду эч качан бошогон жок. Айым апанын баянын угуп отуруп, менин жүрөгүмдү түшүнүксүз бир сезим тилип өттү. Ал жоголгон уулу тууралуу айткан сайын, анын ар бир сөзү мага бөтөн эмес, тескерисинче, көптөн бери тааныш сырды эске салгандай болду. "Жоголгон уулумду бир күн да унута алган жокмун…" деген сөзү өзгөчө жүрөгүмө кадалды.Мен Айымдын көздөрүн карадым. Анын үнүндөгү титирөө, баласы тууралуу айткандагы мээрими, ошол эле учурда жүрөгүндө катылып турган өкүнүчү кайсы бир жерден тааныш сезиле берди. Ошол учурда ичимден бир ой жылт этти. Айым апа айтып жаткан бала Илим болушу мүмкүнбү? Бул ойдун өзүнөн коркуп кеттим. Илимдин жүзү көз алдыма тартылды. Анын мүнөзү, кээ бир сөздөрү, көз карашы… Баары биринин артынан бири эсиме келе баштады. Айым апа болсо эч нерседен шек санабай, баянын улантып жатты. Ал үчүн бул өмүрүндөгү эң оор сыр болчу. Ал эми мен үчүн ошол мүнөттөн тартып анын ар бир сөзү бир табышмактын жообуна айлана баштады. Бирок жүрөгүмдө бир сезим ал бала Илим экенин айтып жатты. Ошол мүнөттөн тартып мен Айым апаны жөн гана угуп отурган жокмун. Мен анын ар бир сөзүн Илимдин өткөн өмүрү менен салыштырып, жүрөгүмдө жооп издей баштадым. Менин жүрөгүмдөгү шек улам күчөй берди. Бир убакта чыдай албай: – Апа, бул окуя Көлдүн кайсы айылында болгон эле?- деп сурадым. Айым бир саамга унчукпай калды. Көздөрүн жерге салып, өткөн күндөрүн эстегендей терең дем алды. Анткени бул суроонун жообу менин жүрөгүмдө пайда болгон эң чоң шектин чын-төгүнүн ачып бериши мүмкүн эле. Айым апа акырын башын көтөрүп, айылдын атын айтты. Ошол күндөн тартып ушу тууралуу ойлоно бердим. Күмөн, кайра табылга… Бир оюм "эгер жаңылып жатсамчы?" дейт. Бир оюм туура жолдо бараткандай сезилет. Ошентсе да, бул окуянын бир учу Казат ата менен Гүлай апада. Аларга каралашып, отуруп сүйлөшүүнү адат кылып алдым. Карыган кишилер буга, албетте, аябай кубанып калышчу. Казат ата жалгыз калганда акырын сурап баштадым. – Казат ата, сиздин эсиңизде жакшы калат го… Илгери эл көп чогулган тойлор кандай өтчү? – Эмне болду, кызым?- деди ал таң калып. – Бир материалга айылдын эски турмушун жазып жатам. Кимден сураарымды билбей сизди эстедим. Журналист катары бир жерге киргем да… Ал бир аз ойлонуп: – Илгери азыркыдай эмес эле. Эл бири-бирин жакшы таанычу,- деп бир нерселерди айтып жатты. Мен сөз арасында “айылда бала жоголгон учурлар болгонбу?” деп сурап койдум. Казат ата мага бир карап алды. – Эмнеге андай сурадың? – Жөн эле. Бир апанын окуясын угуп калдым. Баласын жоготуп алыптыр, илгери… Көл тарапта болгон окуя имиш. Казат атанын жүзү өзгөрө түштү, бирок дароо өзүн кармады. – Ким экен? – Атыбы, Айым деген аял экен. – Кайсы жылдары экен? – Так билбейм. Бирок Көлдүн бир айылын айтты. Казат ата унчукпай калды. – Казат ата, ушундай учурда бала башка үй-бүлөгө түшүп калса, кийин аны табуу мүмкүнбү? – Мүмкүн… – Кантип? – Белгилери болсо… – Кандай белгилер? – Ар кандай. Жүзү, аты, туулган жери… Кээде энеси баласын үнүнөн да тааныйт. Акыркы сөзүн укканда жүрөгүм дүкүлдөп кетти.Чын эле Илим менен Айым апаны кезиктирип көрүү керек дедим. Балким, жүрөк тааныйт чын эле…Мен дароо башка темага өткөндөй болдум. – Илим кичинекей кезинде кандай бала болчу өзү? – Эмнеге Илим? – Жөн эле сурадым. Адамдын бала кезиндеги мүнөзү кийин да билинип турат эмеспи. – Тентек эмес болчу. – Апасына окшош... – Эмнеге апасына? – Жок, жөн эле айтып жатам. Кээде балдар ата-энесине аябай окшош болот го. Илим сизге окшоп кетет… Мүнөзү. Ал жооп берген жок. Мен да унчукпай калдым. Бир аздан кийин: – Казат ата, адам көп жылдан кийин өзүнүн туулган жерин эстеп калабы?- дедим кайра. – Эгер кичине болсо, кыйын. – А эгер бир нерсе… мисалы, бир сөз, бир жер, бир адамдын үнү эсте калышы мүмкүнбү? – Сен эмнени издеп жатасың, Тамчы? – Эч нерсени. Жөн гана адамдардын өткөнү кызык.. Ал башын чайкады. – Адамдын өткөнүн көп казыштын кереги жок. Мен ичимден «демек, бир нерсе бар…» дедим. Бирок сырды шашып ачууга болбой турганын түшүндүм.Казат ата Илимдин чындыгын өзү айтмайынча, мен аны түз сурабайм. Мен эми жооп издебейм. Аны сүйлөтө турган суроолорду гана издейм деп чечтим. Казат ата экөөбүздүн ортобуздагы сөз улам оорлоп бараткан. Мен дагы бир суроо берейин деп оозумду ачканымда сырттан Гүлай апа кирип келди. – Аа, Тамчы, атасына эрмек болуп жаткан тура,- деп мени көрүп жылмайды. – Келиңиз, Гүлай апа. Мен болсо жаңы эле сүйлөшкөн сөзүбүздү улантууга ыңгай издеп турдум. Ошол учурда Гүлай апа күтүүсүздөн сөз баштап калды. – Илимдин кичинекей кезин Казаттан эмес, менден сура. Ал илими менен алек эле...- деп сөз баштап калды. Мен жүрөгүм «дүк» эткенин сездим. – Сиз айтып бериңизчи… – Азыркыдай эле түнт бала болчу. Бирок аябай боорукер эле. – Гүлай, анын бала кезин эмнеге айтып жатасың?- деди Казат ата жактырбай. – Эмнеге айтпайын? Сурап жатат го. Анын кичинекейинде бир кызык адаты бар эле…
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
| |