Зыян болсо да көпчүлүктүн сүйүктүү тамагына айланган картошка калдырканын (чипсы) ким ойлоп тапканын билесизби? Көрсө, бул азык тамашанын арты менен пайда болуптур.
1853-жыл, АКШ
Нью-Йорк штатындагы Саратога-Спрингс шаарында ашканасы менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган Moon’s Lake House аттуу ресторан иштечү. Ал жакка жергиликтүүлөр эле эмес, башка жактан келген эс алуучулар да узун кезекке туруп жатып киришчү. Анткени башкы ашпозчунун колунан даамы көпкө чейин ооздон кетпеген тамак-аштар жасалар эле. Атагы алыска кеткен ашпозчу – афроамерикалык Жорж Крам болчу.
Катаал кардар
Күндөрдүн биринде ресторанга темир жол магнаты Корнелиус Вандербильт жакындары менен келет. Магнат өз чөйрөсүндө гурман, тамак-аштын даамдуусун тандап жеген адам катары таанымал болчу. Анын табитиндеги тамак жасоо оор эле. Ресторанга келгенден кийин да алдына коюлган тамак жакпай, ашканага кайра кайтарат, “оңдоп жасап келгиле” деп. Жорж Крам “эмне жакпай калыптыр?” десе, “картошканын тууралганы” дешет официанттар. Кайра башкача кылып кесип, бышырып барышса да магнат жактырбайт “калың кесилиптир” деп. Жини келген ашпозчу кардарды тамашага салмакчы болуп, мына сага деп картошкаларды жупжука кылып кесип, кызып турган майга кытырата кууруп, анан туздап туруп кайра официанттан берип жиберет. Ашканадагылардын баары магнат азыр чыр чыгарса керек деп кулак түрүп турушат. Кызыгы, картошка калдырканы магнатка жагып калат. Ошол күндөн картошка калдырканына суроо-талап жогорулап, ал тамактын атын шаардын атынан “Саратог кабырчыгы” деп коюшкан. Ошентип, тамашалуу тарыхы бар картошка калдырканын учурда биз да сүйүп жеп калдык.