"Бишкек Арена” стадионун курууга мурда айтылып жаткандай 60 миллион доллар эмес, 386 миллион доллар жумшалды. Мындай маалыматты 8-сентябрда президенттик администрация таратты. Маалыматта баштапкы долбоор өзгөртүүгө учураганы айтылат.
– Башында чакан эле стадион куруу планы менен башталган. Бирок кийин президент Садыр Жапаров баштапкы долбоорду түп-тамырынан бери өзгөртүп: “Кыргыздын боз үйү сымал болсун, ичинде соода борборлору, ресторан-кафелери, супермаркети, кинотеатрлары, спорт залдары жана балдар ойной турган аянтчалары менен курулсун, антпесек бул стадион дагы бюджеттин моюнуна отурат. Бул стадион келечекте киреше бере турган мекемеге айланышы керек”,- деп тапшырма берген,- деп билдирди президенттик администрация.
Расмий маалыматка таянсак, стадиондун жалпы аянты 194 248 чарчы метрди, ал эми көрүүчүлөр үчүн орундардын саны 51 252ни түзөт. Анын ичинде 48 дүкөн, 1 супермаркет, 23 ресторан, 11 кафе, 4 кинотеатр залы, спорт зал, балдар ойноочу аянтча бар.
Стадионду чоңойтуунун дагы бир себеби – ФИФАнын талаптары экени айтылды. Дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерди өткөрө турган стадион 50 миңден кем эмес көрүүчүгө ылайык болушу керектиги белгиленген.
386 миллион доллар деген сумма өлкөдөгү чуулгандуу окуялардын бирин эске салат. Атамбаевдин тушунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоого деп Кытайдан 386 миллион доллар кредит алынган. Ал акчанын бир бөлүгү уурдалып, бир топ чиновниктер соттолушкан.