Юстиция министри кызматынан бошотулган Аяз Баетов Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен улуттар уюмундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Аяз Баетов учурда 41 жашта. Министр катары жакшы иштегенин буга чейин президент Садыр Жапаров белгилеген. Айрыкча “Кумтөрдү” өлкөгө алуу ишинде Баетовдун салымы зор болгонун айткан. Ал аталган министрликти 6 жыл жетектеди.
Ал эми буга чейин Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы туруктуу өкүлү болуп иштеп келген Аида Касымалиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу деп кызматтан бошотулду. Анын кайсы кызматка которулганы маалымдала элек. Касымалиева өлкөнүн атынан өкүл болуп аталган кызматта 2021-жылдын декабрь айынан бери иштеп келген.