Кыргызстан PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыгында 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээледи. Өлкө буга чейинки көрсөткүчтөн 11 позицияга көтөрүлгөнүн 8-сентябрда Агартуу министрлиги билдирди.
Кыргызстандык окуучулардын орточо көрсөткүчү табигый-илимий сабаттуулук боюнча 363 балл, математикалык сабаттуулук боюнча 364 балл жана окуу сабаттуулугу боюнча 344 баллды түздү. Изилдөөгө 91 өлкөдөн 762 миңге жакын окуучу катышкан. Кыргызстан изилдөөгө 16 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан катышып, тестирлөөнү биринчи жолу компьютердик форматта өткөрдү. Өлкө боюнча 195 мектептен 6 миңден ашуун окуучу камтылган.
– 17 жылдык тыныгуудан кийин 2025-жылы дүйнөлүк PISA сынагынан өттүк. Мурдагы изилдөөлөрдө акыркы орундарды ээлеп келгенбиз. Азыр деле абалыбыз мактанарлык эмес, бирок 80-орунду камсыз кылдык. Албетте, алдыңкы же ортоңку да эмес. Бирок жылыштар бар,- деди агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева.
PISA окуучулардын билимди турмуштук кырдаалдарда колдоно билүүсүн, маалыматты талдоосун жана практикалык маселелерди чечүү жөндөмүн баалайт.