Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Кожомкул (Военно-Антоновка) айылында 15 жаштагы кыз катуу сабалды. Тийиштүү видео социалдык тармактарга тарап, өспүрүмдү 4 кыз сабап кеткени айтылат. Жабырлануучунун апасы кызынын кулагы укпай жатканын, денесинде жана бети-башында көк ала тактар бар экенин, шишиги тарай электигин билдирди. Ошондой эле арыз жазылгандан кийин коркутуулар башталганын айтты.
Чүй облустук милициясы 9-сентябрда маалымат берип, окуя 21-августта катталганын тастыктап, учурда текшерүү жүрүп жатканын билдирди. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынарын билдирди облустук милиция.