Өлкөдө эттин баасын туруктуу кармоо үчүн атайын баа бекитилгенин 17-сентябрда Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, атайын наркты Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы малды багуудан тарта базарга чейинки кетчү чыгымдарды анализдеп чыгып, анан кабыл алган. Аймактар боюнча бекитилген баалар мындай:
Бишкек шаарында – уйдун сулп этинин баасы 870 сомдон сатылат. Ал эми сөөгү менен эттин дүң баасы 700 сомдон, чекене баасы 770 сомдон, койдун эти дүң баасы 820, чекене баасы 880 сом деп белгиленди.
Чүйдө – уйдун сулп эти 850 сом. Сөөгү менен дүң баасы 700, чекене баасы 770 сом. Койдун эти дүң баасы 800, чекене баасы 880 сом.
Нарында – уйдун сулп эти 840 сом. Сөөгү менен дүң баасы 690 сом, чекене баасы 750 сом. Койдун эти дүң баасы 820 сом, чекене баасы 840 сом.
Ысык-Көлдө – уйдун сулп эти 870 сом. Сөөгү менен дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом. Койдун эти дүң баасы 820 сом, 840 сом.
Таласта – уйдун сулп эти 850 сом. Сөөгү менен дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом. Койдун эти дүң баасы 800 сом, чекене баасы 840 сом.
Ошто – уйдун сулп эти 870 сом. Сөөгү менен дүң баасы 690 сом, чекене баасы 750 сом. Койдун эти дүң баасы 820 сом, 880 сом.
Жалал-Абадда – уйдун сулп эти 870 сом. Сөөгү менен дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом. Койдун эти дүң баасы 820 сом, чекене баасы 880 сом.
Баткенде – уйдун сулп эти 880 сом. Сөөгү менен дүң баасы 705 сом, чекене баасы 775 сом. Койдун эти дүң баасы 820 сом, чекене баасы 850 сом.