Бул аптада президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяда расмий сапарда болду. Алгачкы “Борбордук Азия – Корея” саммитине катышып, аталган өлкөнүн президенти Ли Чжэ Мён менен жолугушуу өткөрдү жана бизнес форумга катышты.
Жолугушууда Корея лидери эки өлкөнүн инвестициялык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну камтыган аракеттерди мындан ары өнүктүрүүгө үмүт артты. Жапаров Кыргызстанда биргелешкен медициналык борбор түзүүнү, визалык режимди жеңилдетүү механизмдерин карап чыгууну, кыргыз товарларын Кореянын рынокторуна экспорттоону жана башка маселелерди сунуштады. Кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Саммитте Жапаров Борбор Азия менен Түштүк Кореянын биргелешкен инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады. Фонд маанилүү долбоорлордун бирдиктүү портфелин калыптандырууну жана артыкчылыктуу демилгелерди каржылоо, өндүрүштөрдү локалдаштыруу жана кореялык бизнестин Борбор Азиянын рынокторуна чыгуусу үчүн керектигин белгилеген.