Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы согуштар дүйнө үчүн абдан олуттуу коркунуч жаратып жатканын дагы бир жолу кайталады. Бул тууралуу 16-сентябрда чет элдик басылмалар жазышты.
Гутерриштин айтымында, Орусия-Украина согушунда жана жалпы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалда күн өткөн сайын абал курчуп баратат. Азырынча эч бир багытта жакшыруу байкалбай жатканын белгиледи.
– Кырдаал ушундай нукта улана берсе, глобалдык деңгээлде катастрофалык жана өтө оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон чоң жарылуу коркунучуна туш болобуз,- деди баш катчы Нью-Йорктогу басма сөз жыйынында.
Ошондой эле Гутерриш БУУ алдыдагы айларда дүйнө алдында турган бул чакырыктарга каршы күрөшүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонорун билдирди.