Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев парламенттин комитет жыйындарына министрлер келбей жатканын сынга алды. Сыдыгалиев 16-сентябрдагы жыйында министрлерди депутаттарды сыйлоого чакырды.
– Силер чакырылганыңарга карабай орунбасарларыңарды жиберип жатасыңар. “Мен президенттин досумун” деп Ташиевге окшогондор болгон. Андайлардын тагдырын бир эле кол коюу чечип коёт. Ташиевдин кейпин кийип калбагыла! Депутаттар беш жыл бою канча министр келсе, ошолор менен иштеше берет,- деди Сыдыгалиев.