Алыскы континенттерди бириктирген, жалпы адамзаттын сүйүктүү адатына айланган жагымдуу көз ирмемдердин бири – бул чай ичүү салты. Суюктуктардын ичинен эң көп колдонулган суудан кийинки орунда эле чай турат. Мекени – Кытай жана Индия делет тарых барактарында. Кайсы мезгилде пайда болгону тууралуу белгилүү так маалымат жок, бирок неолит доорунда чай бар болчу делет. Алгач адамдар чай жалбырактарын чайнап жешкен, жыпар жытка ээ жана адамды сергитүүчү таасири бар экенин байкашкан. Бара-бара тамак-ашка кошуп, кийин өзүн сууга кайнатып ичкен ыкма жагып калган. Азияда кеңири колдонулган чай жалбырагы кийин дүйнө жүзүнө тараган экен.
Кокустук
Ал эми кичинекей баштыкчадагы чайлар кантип жана ким тарабынан иштелип чыккан? Колдонууга ыңгайлуу, көлөмү кичине, үнөмдүү баштыкчадагы чайлардын пайда болушу кокустук болуптур. Болгондо да пайдалуу кокустук.
1908-жылы нью-йорктук соодагер Томас Салливан алыс аймактагы кардарларына чайлардын түрлөрүн пробадан өткөрүү үчүн жөнөтмөк болот. Кандай кылсам үнөмдүү, чыгашасы аз болот деп ойлонуп, чайдын түрдүү сортторунан кичинеден чакан жибек баштыкчаларга салып, кооз кылып байлап туруп жөнөтүп жиберет. Ал чайды алган кардар жибек баштыкчаны ачып, ичиндеги чайды идишке салып алып кайнатып ичишет деп ойлогон. Бирок кардарлар аны билбей, чайды баштыкчасы менен кошо кайнатып ичишет. Анан Томас Салливанга дүйнөнүн түрдүү бурчунан баягы кичинекей баштыкчадагы чайларга буюртмалар келе баштаган. Ошондон кийин чай баштыкчалары массалык түрдө тарап кеткен. Ал эми Томас Салливан кокустуктан жана сараңдыктан пайда болгон чай баштыкчаларына 1929-жылы патент алган.