Грузиянын Тбилиси шаарында жаратылыш министри Акыл Токтобаев Жашыл климаттык фонддун аймактык директору Томас Эрикссон менен жолугушту. Бул тууралуу 7-октябрда аталган министрликтен билдиришти.
Анын жүрүшүндө Кыргызстандын климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана климаттык долбоорлордун улуттук портфелин түзүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары Кыргызстандын тоолуу климаттык күн тартибине өзгөчө көңүл бурулуп, климаттык долбоорлордун портфелин түзүүдө тоолуу экосистемалардын жана жамааттардын климаттын өзгөрүшүнө карата аярлуулугун эске алуу маселеси каралды. Ошондой эле Ысык-Көл боюнча долбоордун келечеги жана көлдү сактоо боюнча көп тараптуу трасттык фонд түзүү демилгеси талкууланды.
Ошондой эле тараптар Readiness программасын өнүктүрүү маселесин карашты. 2027-жылы Жашыл климаттык фонд менен биргеликте Кыргызстан үчүн болжол менен 6 долбоорду иштеп чыгуу пландалууда.