7-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсаракан Абдибаева көтөргөн маселеси башка нукка бурулуп кеткенин айтып, буга кызыкдар болгон тараптарды аныктоо боюнча УКМКга кайрылганын билдирди.
– 29-сентябрдагы комитеттин отурумунда укук коргоо органдарына күнөөсү далилденбесе, жазасын жеңилдетүү жагын караштырсак болобу деген жүйө менен кайрылгам. Бул жерде педофилге жазаны жеңилдетүү же пробация берүү жөнүндө сөз болгон эмес. Бул сөз кандай адамдар тарабынан бурмаланып, интернет желесине таркатылганы белгилүү. Андыктан жалган маалымат таратып, эл өкүлүнө каралоо жүргүзгөн топтордун артында кимдер турарын аныктоо үчүн УКМКга менден эле эмес, эки коомдук бирикме тарабынан да арыздар берилди - деди Абдибаева.
Айта кетсек, интернет желесинде Абдибаеваны депутаттык мандатынан ажыратууга кол чогултуу жүрүп жатат.