Тазалоо ыкмалары
1. Тиш жууган щётканы үй шартында тазалоонун эң оңой жолу – оозду чайкаган антисептикалык каражатка салуу. Стаканга антисептикалык каражатты куюп, щётканын баш жагын көмдүрө салып коёбуз. 15-20 мүнөт кармасаңыз жетиштүү.
2. Хлоргексидин (0,05 пайыз). Дарыканадан хлоргексидин алып келип, щётканын баш жагын көмдүрө идишке куюп 30 мүнөткө салып коюу керек.
3. Перекись водород – перекись менен сууну 1:1 өлчөмүндө аралаштырып, ага щётканы 15 мүнөткө салсаңыз тазаланат.
4. Тиш щёткаларын жогорудагыдай ыкмалар менен аптасына бир жолу тазалоо кажет. Анан да ОРВИ, грипп, стоматит, ангина, герпес же башка вирустук оорулар менен ооругандан кийин да тазалоо кажет.
5. Тиш щёткасын 2-3 айда бир алмаштырып турууну унутпаңыз.
Эмне кылбаш керек?
Тиш щётканы тазалоо үчүн аны кайнак сууга кайнатуунун кереги жок. Кайнак суудан нейлондон жасалган щётка тишчелери деформацияланып, серпилгичтигин жоготот, бүйлөнү тытып, жаракат келтирет.
Кантип кам көрөбүз?
– Щётканы колдонгон сайын аны жакшылап жуу керек, анда тиш пастасы калбашы керек.
– Щётканы тик коюу керек. Мындай абалда ал тез кургайт, суу кезинде башына капкак кийгизбеңиз, бактериялар көбөйүп кетет.
– Даараткана бөлмөсүндө унитаздан алыс кармоо зарыл тиш щёткасы салынган идишти.
– Үй-бүлө мүчөлөрүнүн тиш щёткалары тийишпегендей абалда, бири-биринен аралыкта туруусу зарыл.