|
Архив
1204
1205
1206
1207
1208
1209
1210
1211
1212
1213
1214
1215
1216
1217
1218
1219
1220
1221
1222
1223
1224
1225
1226
1227
1228
1229
1230
1231
1232
1233
1234
1235
1236
1237
1238
1239
1240
1241
1242
1243
1244
1245
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1176
1177
1178
1179
1180
1181
1182
1183
1184
1185
1186
1187
1188
1189
1190
1191
1192
1193
1194
1195
1196
1197
1198
1199
1200
1201
1202
1203
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Садыр Жапаров: “КИМДИ ПРЕЗИДЕНТ КЫЛУУНУ ЭЛ ӨЗҮ ЧЕЧЕТ”№1245
Сиз бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айттыңыз. Бирок эл менен жолугушууларыңызда беш жылдык программаны сунуштап, шайлоо алдындагы үгүт иштерин баштап жибергендей таасир калтырууда. Үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштап алган жоксузбу? – Мен мыйзамга ылайык өз милдетимди аткарып жатам. Анткени жалпы эл тарабынан шайланган президенттин ыйгарым укуктары кийинки шайланган президент ант бергенге чейин уланат. Мамлекеттин иши шайлоо болот экен деп токтоп калбаш керек да. Айрымдар 2021-жылы эмне үчүн президенттин милдетин аткаруучу кызматты тапшырып, шайлоого катышканымды сурашат. Андагы жагдай таптакыр башка болчу. Мен ал кезде эл тарабынан шайланган президент эмес, премьер-министр, анан президенттин милдетин убактылуу аткаруучу гана болчумун. Ошол учурдагы Конституциянын талабына ылайык, шайлоого катышуу үчүн премьер-министрлик ыйгарым укуктарымды тапшыргам. Президенттин милдетин болсо, ошол мезгилдеги спикер Талант Мамытов аткарып калган. Ал эми бүгүн мен жалпы эл шайлаган президентмин. Кызматта турган президент менен убактылуу милдетин аткаруучу экөөнүн шайлоого катышуу укуктук макамы эки башка. Муну чаташтырбаш керек. Акаевдин мезгилинен бери эле мыйзамдарда кызматта турган президент кызматын тапшырбай туруп шайлоого катышат деп турат. Мен келгенде эле өзгөрүп калган жок ал мыйзам. Дүйнөдө бардык өлкөлөрдө ушундай норма бар. Себеби мамлекет бир дагы күн президентсиз калбашы керек. Үгүт иштери боюнча бардыгына бирдей шарт түзүлөт. Азыркы эл менен жолугушууларымды үгүт катары кабыл алуу туура эмес. Мен жыл башынан бери эле ар бир районду кыдырып келе жатам. Ноябрь ичи бүтөм. Элдин алдына өзүм чыгып, көйгөйлөрүн угуп, мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөп жатам. Бул – менин президент катары түздөн-түз милдетим. Эгер мен эл менен жолугушууларда “Мага добуш бергиле, шайласаңар тигини же муну жасап берем” десем, анда үгүт жөнүндө сөз кылууга негиз болмок. Бирок мен эч кимди өзүмө добуш берүүгө чакырган жокмун. Мыйзам талаптарын жакшы билем жана аларды сактап жатам. Башка талапкерлерге тоскоолдук жаратуу же кимдир бирөөгө басым көрсөтүү ниетим жок. Мурда шайлоо учурунда мамлекеттик кызматкерлерди, мугалимдерди, дарыгерлерди үгүт иштерине аралаштырып, добуш топтоткон мезгилди элдин баары унута элек. Бүгүн андай тапшырма жок. Каалаган мамлекеттик кызматкерден сурап көргүлө, кимди шайлоо үчүн иштөөгө мажбурлап жатыптырбыз? Шайлоо системасы да өзгөрдү. Толук автоматташтырылып, электрондошту. Адам фактору аралашпайт. Мурдагыдай миллиондогон бюллетендер алдын ала басылып чыкпайт. Мурдагыдай ар бир участокко 200-300дөн ашыкча бюллетень даярдап коюу деген жок. Шайлоочу келгенде бюллетень ошол жерден чыгарылып, ар бир жаран өз добушун берет. Бул дагы шайлоонун ачыктыгын, кайсы бир талапкерге илгеркидей ашыкча бюллетендерди кошуп жибербеш үчүн алдын алган механизмдердин бири. Мен үчүн эң башкысы, шайлоо таза, ачык жана мыйзам чегинде өтүшү керек. Ким талапкер болуп шайлоого катышам десе, ак жол. Ар бир жаран өз тандоосун өзү жасайт. Кимди президент кылып шайлоону көпчүлүк эл өзү чечет. Шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт. Эгер административдик ресурсту пайдаланайын десем, эл менен жолукпай эле мурдагыдай кабинетте отуруп алып, акимдерди, министрлерди чакырып, тапшырма берип койсом көпчүлүк добушту алып беришмек. Бирок мен андай жолду тандабайм. Таза шайлоо менен чыныгы элдин добушун алышым керек. – Энергетикалык кризис болуп жаткан учурда Камбар-Атада бекер өндүрүлүп, пайдаланылбай жаткан 30 МВт электр энергиясын эмне үчүн электр тармагына кошуунун жол-жоболорун таап, элдин керектөөсүнө бербейбиз? Эмне үчүн андан жеке ишкер пайда көрүшү керек? – Жеке ишкер пайда көргөн жок. Аны биз суранып салдырдык, ошол жерде 15 жылдан бери чыкпай жаткан кубаттуулукту сатып алып турасың деп. Мындан сырткары 4-5 жылда майнинг ферма курган акчаңды актап алып, анан 100 пайыз мамлекетке өткөрүп бересиң деген шартыбызга макул болгон. Эки жыл өттү. Дагы эки-үч жылдан кийин майнинг ферма 100 пайыз НЭСКке (“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсына) өтөт. Бул жерде жагдай мындай: Мурдагы министр Таалай Ибраевдин мага берген маалыматы боюнча, 2009-жылы “Камбар-Ата-2” ГЭСи ишке киргенде 120 (МВт) мегаваттык 1 агрегат коюлган экен. Бирок ошол мезгилден бери “Камбар-Ата-2ден” 90 гана мегаватты алып жүрүптүрбүз. Себеби 120 (МВт) мегаваттын баарын Камбар-Атадан алып чыгып элге жеткириш үчүн Камбар-Атадан негизги станцияга жеткирчү электр линияларыбыз, трансформаторлорубуз эски болгондуктан, 120нын (120 МВт) баарын өткөрүш мүмкүн болбоптур. Ошондуктан ушуга чейин Камбар-Атанын болгону 90 (МВт) мегаватт кубаттуулугун гана алып жүрүптүрбүз. Муну эч ким айтпай жүрө бериптир. Ошол үчүн 30 мегаватт жөн эле жатпаш үчүн ошол жерге, Камбар-Атанын дал өзүнө 30 мегаваттык майнинг койдурганбыз. Балким, ал жерге завод-фабрика курабыз деген да ойлорубуз болгон. Бирок алыстыгына жана тоо арасында жайгашкандыгына байланыштуу завод-фабрика курам деген инвесторлор чыккан жок. Мен кечээ Токтогулда бул маселени көтөргөн жигиттин суроосуна жооп берип, чогулуштан чыккандан кийин азыркы энергетика министри Алтынбек Рысбеков бул маселе боюнча мага кошумча толук маалыматтарды берди. Көрсө, Ширшовдун компаниясы достору менен бирге мен эл менен жолугушууда атаган 430 миллион доллардан сырткары дагы кошумча жардам катары "Күрпсай" ГЭСине 63төн 125 мегавольт-амперге чейин жогорулатуу үчүн 2 жаңы автотрансформатор орнотуп беришиптир. Суммасы 271 миллион 549 миң сом. Камбар-Ата көмөк чордонун реконструкция кылып бериптир. Суммасы 318 миллион 794 миң сом. Мындан сырткары 36 чакырым 110 (кВ) киловольт аба зымдарын жаңы зымдарга алмаштырып беришиптир. Суммасы 125 миллион 161 миң сом. Жалпы суммасы 715 миллион 505 миң сом болуптур. Эми мындан ары апрель айынан сентябрь айына чейин 120 (МВт) мегаватты толук алып, элге жеткирүүгө болот. Калган айларда суунун аздыгына байланыштуу баягы эле 90 (МВт) мегаватт энергия алып турабыз. Кыскасы, ток этерин айтсам, ушул сыяктуу жана башка ар кандай жолдор, амал-ыкмалар менен 2020-жылга чейин топтолгон НЭСКтин (“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому) 137 миллиард сом карызын быйылкы жылдын аягына чейин толук кутулуп бүтөбүз. Элестетиңиз, беш жылда бир жарым миллиард доллардан ашык карызынан кутултуп жатабыз. Түшүнгөн кишиге бул фантастикалык көрүнүш. Бул карыздар 30 жылдан бери энергетика системасындагы уурулуктардан улам топтолгон карыз болчу. Биз кандай жол менен болсо дагы энергетикалык кризистен чыгаруу жолун тандап алдык. Азыр энергетика системасында мурдагыдай уурулуктар жок. Ошол эле мезгилде Ширшов дагы илгеркидей бир да тетикти Энергетика министрлигине сата албайт. Министрлик керектүү тетиктердин баарын түздөн-түз заводдордон сатып алышат. Мен Ширшовго башында эле эскертип: “Илгеркидей ар кандай тетиктерди министрликке кымбат сата салам деп ойлобо. Эгер ушундай аракеттериңди баштасаң, түрмөгө кетесиң”,- деп чек ара сызыгын чийип бергем. Ошол үчүн ал жардам бергенди гана билет, бирок бир дагы мамлекеттик мекемелердин иштерине кийлигишпейт. Илгеркидей “Ширшовдун схемасы” деген түшүнүк азыр жок. Муну азыркы иштеп жатышкан энергетиктердин баары билишет. Кыргызстанда эки эле жерде майнинг ферма бар. Экинчиси Кеминде. Бирок ал бизден электр энергиясын албайт. Россия менен Казакстандан импорт алып келет. Аны да кышкысын электр энергиясы тартыш болгондо токтотуп коюп, алып келип жаткан энергетика кубаттуулугун элге колдонуп жаткан учурларыбыз бар. Болду, башка майнинг фермага уруксат берген эмеспиз. Качан гана чоң-чоң ГЭСтерибиз курулуп бүтүп, өзүбүздүн керектөөнү жапкандан кийин уруксат берсек болот. Майнинг фермалардан көп салыктар түшөт, негизи. Бирок айла жок өзүбүзгө энергия жетпей жатканга байланыштуу азырынча уруксат бере албайбыз.
– Ширшовдун энергетика тармагындагы мурдагы ишмердүүлүгү жана ага байланыштуу кылмыш иштери коомчулукка белгилүү. Бүгүн ал жүз миллиондогон долларды эмнеге бекер берип жатат? Мунун артында кандайдыр бир кызыкчылыгы барбы деген ой келип жатат, бизге... – Мурдагыдай жеке финансылык кызыкчылыгы жок. Менин пикиримде, 11 жылдан кийин өзү туулуп-өскөн жерине кайтып келгенине эки дүйнө ыраазы. Мен да 4 жыл чет өлкөдө жашадым. Мекендин баркын жакшы билем. Миллиардер болсоң да, өз мекениңе бир күнгө келе албасаң, миллиарддарыңдын деле кызыгы жок болуп калат. 5 жыл мурда Өмүрбек Бабанов менен баарлашып калдым. Ал да Сооронбай Шариповичтин убагында бир жыл Кыргызстанга келе албай жүрбөдүбү. Ал: “Садыр Нургожоевич, өз өлкөңө келе албай жүрсөң, миллиард долларың бир тыйынга татыбайт экен. Тоолорду сагынат экенсиң, кичи мекениңди сагынат экенсиң, ошол үчүн камаса камасынчы деп 2020-жылы Кыргызстаныма баса бердим”,- деген эле. Анын сыңарындай, Ширшовго да миллиарддары бир тыйын болуп калса керек. 11 жыл чет өлкөдө жүрүптүр. Мен ага: “Силер 2005-2010-жылдары жакшы эле байыгансыңар. Эми мындан ары мамлекеттин байышына салым кошушуң керек. Эгер дагы деле баягы адатыңарды карматып, мамлекеттин эсебинен дагы да байыйм деп келген болсоң, анда жаңылышасың. Ордуң түрмө болот”,- дегем. “Мен жардам гана берем” деп сөз берип кеткен. Менин иш бөлмөмдөн чыккандан кийин жер кучактап, көк чөптү жыттап, жатып алып ыйлаптыр. Кийин коштоп жүргөндөр айтып беришти. Буга чейин бир топ жардамдарды берди. Аларды Токтогулда элдин алдында айттым. Азыр кайталап айтпай эле коёюн. Акыркы жолу социалдык программа экен деп 10 күн мурда МИКке (Мамлекеттик ипотекалык компания) 100 миллион доллар он жылга, үстөк пайызы жок насыя берди. Бул акча Каржы министрлигине түшүп, ал акчалар Мамлекеттик ипотекалык компанияга которулду. МИКке мен бул 100 миллион доллардын 50 миллион долларын өлкөбүздүн түштүк аймагындагы, 50 миллион долларын түндүк аймагындагы ипотекалык турак-жайларды курууга бөлүп берүү боюнча тапшырма бердим. Негизи эле, республика боюнча кайсы тармакка каражат бөлүп бербейин, түштүк менен түндүккө бирдей бөлүп келе жатабыз. Эки регион тең бирдей өнүгүшү керек. Анткени калкыбыздын жарымы түштүктө болсо, жарымы түндүктө. Өткөндө эл менен жолугушууда айтканымдай эле, он жылдан кийин бул каражат көп деле акча болбой калат. Инфляция деген бар. Эң негизгиси проценти жок. – Ушундан улам дагы бир суроону бербей коё албайм. Сиз Ширшов мамлекетке 300-400 миллион доллар инвестиция салды, бул аны камакта кармаганга караганда кыйла жакшы деп жатасыз. Эми ушул жол менен кетсек, мисалы, Максим Бакиев же агасы Жаныш Бакиев беш жүз эмес, бир миллиард доллар Кыргызстанга салалы, өлкөнү өнүктүрүүгө салымыбыз болсун дешсе, алар деле Кыргызстанга ээн-эркин келе береби? Анын үстүнө өткөндө соцтармакта Максим Бакиев учак менен жашыруун Бишкекке келип-кеткенин жазгандар болду эле. – Максим менен Жаныштын иштери такыр башка. Аларга соттун өкүмү “өмүр бою камакта отурушсун” деп чыккан. Өкүм күчүндө турат. Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Алар келсе, чек арадан түздөн-түз эле түрмөгө барышат. Максим Бакиев учак менен Бишкекке жашыруун келди деген жалган сөз. Мындай сөздөрдү чет өлкөдө качып жүргөн, өздөрүн блогер же журналистпиз деп атап алгандар таратып жүрүшөт. Аларга ишене бербегиле. – Эл менен жолугушууларда мамлекеттик аппарат иштебей, бардык маселе жеке сизге келип такалып жаткандай көрүнүүдө. Жарым жыл мурда айтылган көйгөйлөр бүгүн дагы кайталанууда. Сот, прокуратура, укук коргоо жана жергиликтүү бийлик бутактарына нааразычылыктар көп. Эмне үчүн жооптуу жетекчилерге карата кадрдык чечимдер кабыл алынбай жатат? Жоопкерчилик кимге жүктөлөт? – Туура айтасыз. Жергиликтүү жетекчилер жай иштеп жатканын байкап, көрүп турам. Таптакыр иштебей жатышат дегенден алысмын. Бирок темп абдан жай. Жаңы жылдан кийин 2026-жылдын жыйынтыгын чыгарабыз. Ошондо элдин көйгөйлөрүн, илгертен бери чечилбей келе жаткан талаш-тартыш маселелерин создуктуруп жүргөн облус жетекчилерине, губернаторлорго эле эмес, бардык жетекчилерге чара көрөбүз. – Алдыдагы президенттик шайлоонун атаандаштык деңгээлин кандай баалайсыз? Азырынча сизге олуттуу атаандаш боло турган талапкерлер дээрлик көрүнбөйт. Мындай шартта шайлоо чыныгы саясий атаандаштык менен өтөт деп ишенесизби? – Азырынча талапкерлердин катталуусу бүтө элек да. 13-ноябрда бүтсө керек эле. Ага чейин бир далай талапкер катталат болуш керек. Мен ар бир талапкер олуттуу атаандаш болот деп ойлойм. Кыргызда “Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло” деген жакшы накыл сөз бар. Ошондуктан “сизге олуттуу атаандаш жок” деген сурооңузга “ии, чын эле мен эле экенмин” деп текеберлик кылбашым керек. Олуттуу атаандаштар сөзсүз чыгат.
Автандил Добулбеков "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Талкуу жабык. |
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
| |