Өлкөдө 2026-жылдын аягына чейин жетерлик күйүүчү май жана суюлтулган газ бар. Маалымат 26-октябрда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси боюнча өткөргөн жыйында айтылды.
– Күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоочу жана сатуучу компанияларды колдоо үчүн республикалык бюджеттен 11,389 миллиард сомдон ашык каражат каралып, анын 2,623 миллиард сомдон ашыгы берилди. Бензиндин, дизелдик отундун жана суюлтулган газдын кору 2026-жылдын аягына чейин жетиштүү,- деп белгиленди маалыматта.