“Эртең менен жылуу суу ич” дегенди көп эле уксаңыз керек. Эмнеге ачкарын жылуу суу ичүү сунушталат? Анткени...
Пайдасы
+ Түнү бою дем алуудан жана тери аркылуу организмден суу чыгат. Эртең менен ачкарын суу ичүү менен организмдеги суу балансы толукталат.
+ Суу органдардын “ойгонуп”, күнүмдүк функцияларын аткарышына жардам берет.
+ Ичегилердин иштөөсүн жакшыртып, ич катуунун алдын алат.
+ Зат алмашуу – метаболизмди ишке киргизет.
+ Кан тамырларды кеңейтип, кан айланууну жакшыртат.
+ Ачка болуу сезимин жоюп, таң атпай ашыкча тоюп алуунун алдын алат.
Сууну туура ичүү керек
• Суу жылуу, тагыраагы, 35-40 градуста болуусу шарт.
• 200-250 миллиграмм суу ичсеңиз жетет.
• Сууну аз-аздан жутуп 1-2 мүнөт аралыгында ичүү керек.
• Ачкарын, эртең мененки тамактан 15-20 мүнөт мурун ичиңиз.
Суу ичүүгө каршы көрсөтмөлөр
– Ашказан-ичеги ооруларынын курчуп турган маалында (ашказан жарасы, гастрит жана башка);
– Заара чыгаруу органдарында таш же башка дарт болсо, адам дайыма шишисе сууну ченеп ичүү керек.
– Кан басымда маселе болсо, айрыкча жогору кан басымдуу (гипертония) адамдарга да сууну дарыгер менен кеңешип ичүү сунушталат.