Кыргызстан 6 айдын ичинде энергетикалык суусундуктардан толук баш тартат. Президент Садыр Жапаров 5-ноябрда бул тууралуу соцтармактагы баракчасынан билдирүү жасап, Кыргызстан үчүн акча эмес, улуттун ден соолугу маанилүү экенин белгиледи.
– Бизге ууланган эмес, табигый күч-кубатка ээ, акыл-эси сергек муун керек. Эртеңки күнү кыргыз жигиттери алты саны соо, жоомарт жүрөк, темир билек, кыраакы болуп, кубаттуу мамлекеттик жарандары болушун каалайм. Эртеңки күнү кыргыз кыздары ден соолугу чың, улут куту, чырайлуу болушун тилейм,- деп жазды президент.
Өлкө башчы энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин 1 айда карап чыгып, 6 айдын ичинде мыйзамдуу жөнгө салууга тапшырма бергенин айтты.
Расмий маалыматка таянсак, 2025-жылы Кыргызстанда 54 миллион 199 миң литр энергетикалык суусундук ичилген. Ал эми 2026-жылдын 6 айында 36 миллион 83 миң литр ичилген. 2025-жылы өлкөдө 25 миллион литрден ашык энергетикалык суусундук өндүрүлсө, өлкөгө сырттан 29 миллион литрден ашык аталган суусундук алып келинген.
2025-жылы бул тармактан мамлекетке 1 миллиард 104 миллион 100 миң сом, 2026-жылдын 6 айында 996 миллион 710 миң сом бажы жана салык төлөмдөрү түшкөн. Энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу менен өлкө болжол менен 1,5 миллиард сомдук кирешеден кол жууйт.
Саламаттык сактоо министрлиги президенттин бул демилгесин колдоп чыкты. Министр Дамир Осмонов “бул суусундуктар жаштардын жүрөгүн токтотуп, бөйрөгүн иштен чыгарып, кант диабетине жеткирүүдө” деп билдирүү жасады.