Кыргызстандын мамлекеттик карызы 906,98 миллиард сомду түзүп, доллар менен эсептегенде 10,37 миллиардга жетти. Бул тууралуу 3-ноябрда Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тышкы карыздын көлөмү 461,31 миллиард сом (5,2 миллиард доллар) болсо, ал эми ички карыз 445,67 миллиард сомду (5 миллиард доллар) түзөт. Мамлекеттик карыздын көлөмү азыркы тапта өлкөнүн ички дүң продукциясынын 38,55 пайызына барабар. Маалым болгондой, Кыргызстан тышкы карыздын эң чоң бөлүгүн Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алган. Аталган банкка Кыргыздын карызы 119,6 миллиард сомду түзгөн. Ал эми Дүйнөлүк банкка 87 миллиард сом, Азия өнүктүрүү банкына 82,8 миллиард сом карыз экени белгилүү болду.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын карызын төлөөнүн туу чокусу 2028-2030-жылдарга туура келет. Мисалы, 2030-жылы тышкы карызды төлөөгө 1 миллиард доллардан ашык каражат жумшалары күтүлүүдө.