Кыргызстанда 2026-жылдын 9 айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 21 миң 754 кайрылуу катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга көп. Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекованын 11-ноябрда Башкы прокуратурага шилтеме берип жасаган баяндамасына таянсак, 2025-жылы республика боюнча үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 23 миң 518 кайрылуу катталган. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы зомбулук боюнча 656 кылмыш иши козголгон.
Ал эми 2026-жылдын 9 айында мындай фактылар боюнча 525 кылмыш иши козголду.
Депутат үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жабырлануучулардын укуктарын коргоо жаатында көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Мисалы, убактылуу коргоо ордерлеринин аткарылышын көзөмөлдөөнүн жетишсиздиги, психологиялык жана экономикалык зомбулук фактыларын аныктоодогу кыйынчылыктар, коопсуз баш пааналардын аймактар боюнча бирдей жеткиликтүү эместиги жана башка.