Кыргызстанда пенсияны эсептөө жана чектөө процесси толугу менен санариптештирилди. Эми жарандар совет мезгилиндеги эмгек акысын тастыктоо үчүн архивдерден маалымкат чогултууга милдеттүү эмес экенин 12-ноябрда Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди. Мурда Союз учурунда иштеп жүргөн мезгилдеги маяналарын тастыктап бериш үчүн архивдерден маалымкат алып келүү талабы иштегенин, ал аябай түйшүктүү иш болгонун белгиледи Алиев.
Ачурда пенсиянын өлчөмү үч көрсөткүчтүн негизинде автоматтык түрдө эсептелет: 1996-жылга чейинки эмгек мезгили, базалык бөлүк жана 1996-жылдан кийин Социалдык фондго төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү. Мындан ары жарандар пенсияга “Түндүк” тиркемеси аркылуу чыга алары эскертилди.
– Тиркемеге кирип арыз калтырса, программа автоматтык түрдө пенсияны чектейт. Банкка барып алдын ала карта алуунун да кереги жок. “Түндүк” аркылуу эле банкты тандайт. Пенсиялар ай сайын 10унан тартып төлөнөт. Жарандар ошол күнү банкка барып, картасы менен кошо пенсиясын ала алышат,- деп түшүндүрдү Соцфонддун төрагасы.