|
Архив
1204
1205
1206
1207
1208
1209
1210
1211
1212
1213
1214
1215
1216
1217
1218
1219
1220
1221
1222
1223
1224
1225
1226
1227
1228
1229
1230
1231
1232
1233
1234
1235
1236
1237
1238
1239
1240
1241
1242
1243
1244
1245
1246
1247
1248
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1176
1177
1178
1179
1180
1181
1182
1183
1184
1185
1186
1187
1188
1189
1190
1191
1192
1193
1194
1195
1196
1197
1198
1199
1200
1201
1202
1203
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)№1248
Айым апа да өз баласын таштап кеткен күндөрдү эстеди. Илимдин биринчи басканын көрбөгөнүн, биринчи сөзүн укпаганын, ооруп ыйлаганда жанында болбогонун ойлоду. Уулунун чоңоюп, эр жеткенин сырттан гана билген учурлары көз алдына келди. «Мен аны таштап кеттим. Эми ал да баласы менен жалгыз калды. Тагдыр мага өзүм кылганды көрсөтүп жатабы?» деп ойлоду. Айым Деңизди төшөгүнө жаткырып, жанында тизелеп отуруп калды. Көзүнөн жашы тынымсыз агып жатты. – Кечир мени, балам... Сенин атаңды мен да ушинтип жалгыз калтыргам. Эми сен да апаңды издеп ыйлап жатасың. Сенин күнөөң эмне, кулунум? Сен болгону апаңдын кучагын издеп жатасың... Деңиз уйкусунан чочуп ойгонуп, ыйлап жиберди. Айым дароо көтөрүп алды. Бала чоң энесинин көкүрөгүнө башын такап, дагы эле ыйлай берди. – Ыйла, балам, ыйла... Сен ыйлаган сайын менин жүрөгүм ооруй берсин. Мен сенин бир тамчы жашыңды да текке кетирбейм... Ошол күндөн тартып Айым небересин багууга бүт жанын берди. Түнү менен уктабай, ысыгын өлчөп, тамагын жасап, дарыгерге ташып, кийимин жууп, ар бир кыймылына көз салып калды. Деңиз бир аз жөтөлүп койсо эле жүрөгү түшүп, дем алуусун тыңшап таң аттырчу болду. Бирок анын камкордугунда жөн гана чоң эненин мээрими эмес, өмүр бою кечирилбей келген күнөөнүн оордугу бар эле. Деңиздин ар бир ыйы Айымга Илимдин балалыгын эске салчу. Бала тамак ичпей койсо, «Илим да ушинтип мени күттү бекен?» деп ойлочу. Түн ортосунда ойгонуп апасын издесе, «Менин уулум да бир кезде ушинтип мени чакырды бекен?» деп ичинен эзилчү. Бир күнү Илим жумуштан келип, апасынын Деңизди кучагына кысып уктап отурганын көрдү. Айым өзү креслодо кыйшайып, моюну катып калганына карабай, баланы төшөккө жаткырган эмес. – Апа, өзүңүз уктабайсызбы?- деди Илим акырын. – Уктайм, балам. Деңиз ойгонуп кетпесин. – Чарчап калдыңыз го... Айым уулуна карап, жылмайганга аракет кылды. – Чарчабайм, балам. Неберем да... Бир азга унчукпай калды да, акырын кошумчалады: – Илим, сен кичинекей кезиңде менин колумда ушинтип уктачу элең… Илимдин жүзү өзгөрүп кетти. – Мен эч элестете албайм, мени сен бөпөлөп бакканыңа.Сен мени таштап кеткендиктен андай элестете албайм… Бул сөз Айымдын жүрөгүнө бычактай сайылды. Ал жооп бере алган жок. Көзүнөн жашы чыгып кетти. – Кечир, балам... – Эмне үчүн кечирим сурайсыз?- деди Илим чарчаңкы үн менен. – Сен кечирдим деп айтышың мүмкүн. Бирок мен өзүмдү кечире албай жатам. Илим апасын карады. Бир кезде өзүнө жетпей калган мээрим эми анын уулуна төгүлүп жатканын көрүп турду. Бирок бул көрүнүш анын ичиндеги боштукту толтурган жок. – Апа, Деңизди жакшы караңыз. Ага сиз керексиз. Айым башын ийкеди. Уулу чыгып кеткенден кийин гана ыйлап жиберди. Ал Деңизди катуу кучактады. – Сен менин күнөөмдүн куну эмессиң, балам. Сенин эч кандай күнөөң жок. Мен сени чоң энең болгонум үчүн эле эмес, бир кезде мээримсиз калтырган баламдын уулу болгонуң үчүн да жанымдан артык көрөм. Сенин бала чагың менин катамдын көлөкөсүндө өтпөсүн... Ошол түнү Айым биринчи жолу небересинин бешигинин жанында отуруп, Кудайдан ушу баланын аман-эсен айыгып кетишин суранды. (Тамчынын баяндоосу) Менин Кыргызстандан кеткениме көп болду. Бирок ошол күндөрдү эстеген сайын жүрөгүм кайрадан ооруйт. Кээ бир окуялар убакыт өткөн сайын унутулбайт экен, тескерисинче, жүрөккө тереңирээк сиңип, адамдын өмүр бою көтөргөн жүгүнө айланат тура. Мен Илимден качып кеткем. Аны сүйбөй калганымдан эмес, анын жанында калсам, өзүмдү жоготуп аларымды түшүнгөнүмдөн. Илимдин кош бойлуу аялы ай-күнүнө жетип турган абалында эшигиме келгенде чекит койдум. Эч кимге айтпай байланышты үзүп чыгып кеттим. Көпкө чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Эң жаманы – мен Илимди жек көрө алган жокмун. Аны көргүм келчү. Үнүн уккум келчү. Кучагына кирип алып, эч нерсе болбогондой ыйлагым келчү. Анан ошол эле учурда аны көрүүгө да чыдай албайт элем. Кетүүдөн башка айла тапкан жокмун. Москвага келгениме бир топ убакыт болду. Азыр Камчынын үйүндө жашап, иштеп жүрөм. Кээде бул үйгө келгениме сүйүнөм. Анткени көп жылдардан бери биринчи жолу жанымда мени эч нерсе түшүндүрбөй эле түшүнө турган адам бар. Ал – менин эгизим. Камчы экөөбүздүн тагдырыбыз эки башка жолго түшүп, көп жылдар бою бири-бирибизден алыстап калганбыз. Эми болсо бир үйдө жашап жатабыз. Ал менин сыртымдан күлүп жүргөнүмө карабай, ичимде эмне болуп жатканын сезет. Бир күнү кечинде жумуштан чарчап келдим. Тамак ичким келбей, бөлмөмө кирип кеттим. Телефонумду колума алып, көпкө чейин бир номерди тиктеп отурдум. Илимдин номери... Чалгым келди. Жөн гана үнүн уккум келди. “Кандайсың?” деп сурагым келди. Бирок чала алган жокмун. Көп өтпөй эшигим акырын ачылды. – Уктай элексиңби?- деди Камчы. – Жок. – Кирсем болобу? – Кир. Ал жаныма келип отурду. Бир азга унчукпай турду да: – Дагы эле аны ойлоп жатасыңбы?- деди. Мен жооп берген жокмун. – Тамчы, мен сенден эч нерсе жашырбай эле кой дегим келет. Экөөбүз эгизбиз. Сенин көзүңө карасам эле баарын түшүнүп турам. – Камчы, мен аны унуткум келет. – Унута алдыңбы? – Жок... Ушул сөздү айтканда көзүмө жаш тегеренди. – Балким, сен ага жолугуп, сүйлөшүп алсаң жакшы болмок беле? Суроолоруңа жооп алып... – Эмнени сурайм? Эмнеге башка аялдан уулдуу болуп жатасың дейминби? Же мени танда деп жалдыраймынбы? – Бирок сен аны дагы деле сүйөсүң. – Сүйөм, Камчы. Ошол үчүн кеттим да. Калсам, андан да кыйын болмок. – Анда эмнеге өзүңдү кыйнап жатасың? Сен да бактылуу болууга татыктуусуң. – Мен билем. Бирок жүрөккө түшүндүрө албайт экенсиң. Кээде анын азыр эмне кылып жатканын элестетем. Баласы төрөлсө кандай кубанды болду экен? Колуна көтөрүп, кандай карайт? Балким, уулуна мен кыялдангандай мээримдүү ата болгондур. Мен аны башка аялдан уулдуу болгону үчүн жек көрбөйм. Ал балада эмне күнөө? Бирок менин жүрөгүм ооруйт. Анткени бир кезде мен да Илим менен балалуу болууну кыялданчумун. Камчы колумду кармады. – Сен жалгыз эмессиң. Мен бармын. – Билем. Сенин бар экениңе сүйүнөм. Болбосо бул жакта кантип жашамакмын? – Бир нерсени сурайынчы. Эгер Илим азыр чалып, сени сагынганын айтса, эмне кылат элең? Мен көпкө чейин жооп бере албай отурдум. – Билбейм... Балким, телефонду өчүрүп салмакмын. Балким, ыйламакмын. Балким, кайра чалып жибермекмин. Өзүм да билбейм. Кээде ал да мени эстейби деп ойлойм. Менин жоктугумду сезеби? Бир кезде жанында болгон адамдын күтүүсүздөн жок болуп кеткенин байкайбы? Камчы мени кучактады. Ошондо өзүмдү кармай албай ыйлап жибердим. Мен көптөн бери эч кимдин алдында мындай ыйлаган эмесмин. Баарына күчтүү көрүнгүм келген. Жумушта күлүп-жайнап, жашоомду кадимкидей улантып жаткандай түр көрсөтчүмүн. Бирок түн киргенде баягы эле Тамчыга айланчумун. Илимди сагынган, жүрөгү жараланган, жоопсуз суроолор менен жашаган Тамчыга айланчумун... Кээде адам бирөөнү сагынбайын деп канчалык аракет кылса да, жүрөгү анын атын кайталап тура берет экен. Мен Илимди унуттум деп өзүмдү канча жолу алдадым. Анын атын укканда селт этпегенге, сүрөтүн көргөндө көзүмдү ала качпаганга, ал жөнүндө сөз болгондо кайдыгер көрүнгөнгө үйрөнүп бараткандаймын. Бирок түн башка экен... Күндүз өзүмдү алаксыта алам. Жумуш, адамдар, көчөдөгү ызы-чуу... Баары мени ойлорумдан алыстаткандай болот. Ал эми түн киргенде жүрөгүмдүн түпкүрүндө катылып жаткан сагыныч кайра ойгонот. Кээде телефонумду колума алып, анын номерин издейм. Чалгым келет...
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
| |