«Тамашоунун» «IUK» командасынын капитаны Бакыт 6 жылдан бери элдин боорун эзүү менен алектенет. КМШ өлкөлөрүнүн фестивалында күмүш медаль (Екатеринбург-2009), «Тамашоудо» “Мыкты оюнчу” (Күзгү фестиваль-2010) жана башка ийгиликтерге жетишти. Учурда КТРКнын «Чекит.kg» программасынын алпаруучусу.
Туулган жылы – 1987-жыл, 2-февраль
Туулган жери – Бишкек шаары, а так көлдүк
Бою – 150+4+13=190 сантиметр
Салмагы – 60 килограммдык адамдан 6 килограммга оор
Үй-бүлөдө – Карындашы бар
Дежур сөзү – Жестоко
Девизи – “Сен ооруба, мен да оорубайын, Ата Журт!”
Жактырган актёру – Аль Пачино
Жактырган машинасы – Ат араба
Жактырган тамагы – Лагман
Фобиясы – Революция
Кумири – Моника Беллуччи
Максаты – Моника Беллуччи
Хоббиси – «Тамашоу», теннис, футбол, кыздар жана Моника Беллуччи
Кыргыздын айылдарында сыналгынын пультунун функциясын кичинекей балдар аткарат.
2010-жылкы мародёрлуктан кийин Бишкекте “Народный” дүкөндөрүнүн ордуна “Голодный” дүкөндөрү пайда болду.
Кыргыз окумуштуулары Мерген Тургандын нукура эркек экендигин далилдеп чыгышты.
Сенсация! «Дордой-Динамо» футбол клубунун оюнчулары «Ош базарынан» кийинишет экен!
Кыргызстан кыргыздардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.
Экинчи орунда – Орусия.
Түп Аба жолдору – Биз менен күлкүлүү жана кызыктуу учасыз.
Буюрса...