Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Кубанычбек Төрөбаев: «КЫРГЫЗСТАНГА СПОРТ ЗАЛ, АНАН ЗАВОД КУРАМ»

№442 22-28-апрель, 2011-жыл


Мындан бир нече жыл мурда Дубай шаарында спорт мектебин ачкан кыргыз азаматы Кубанычбек Төрөбаев жөнүндө жазганбыз. Ал ишин дагы кеңейтип, ушул айдын башында Вин Чунь Кун-фу боюнча мектеп ачты. Анын ачылышына биз дагы күбө болуп, бөтөн жерде ийгиликтерге жетишип жаткан мекендешибизди сөзгө тарттык. Анын чет элде жүрсө да, патриот катары «элиме пайдам тийсин» деп бир нече долбоорлордун үстүндө иштеп жаткандыгы кубандырды.

ТӨРӨБАЕВ КУБАНЫЧБЕК МУСАЕВИЧ
Туулган жылы – 1975-жыл, 21-июль
Туулган жери – Баткен облусу, Самаркандек айылы
Даражалары – Вин Чунь Кун-фу боюнча 6-дан, Жит Кун До боюнча 7-дан
Кумири – Ип Ман
Хоббиси – Спорт, китеп окуу
КРнын Юридикалык академиясынын 4-курсунда сырттан окуйт
Жактырган чыгармасы – “Нөлдөн байып кетүү” (Брайан Трейси)
Максаты – Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуу
Үй-бүлөлүү. 2 кыз жана 2 уулдун атасы. Жубайы – Гүлзат
Учурда – Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында жашайт

– Маегибизди 5-апрелдеги спорт залынын ачылышынан баштасак. Эмне себептен жаңы зал ачуу зарылчылыгы келип чыкты? Ачылышына кимдерди чакырдыңыз?
– Мурдагы зал чакан болуп, окуучулар батпай кеткендиктен, чоң имарат таап, кайра ачылыш аземин өткөрдүк. Ачылышка Гонконгдон устатым Дональд Мак, Шаржа шаарынын шейхинин кичүү уулу ханзаада шейх Файсал Касми, Дубай Эмиратынын Спорт министри, КРнын Консулу Учкун Эралиев, бул жакта жүргөн жеке ишкерлерибизден Чолпон Асанов жана Чыңгыз Шерматов, казак ишкерлери Канат Искаков, Серик Искаков, орус ишкери Владимир Бурдин жана Дубайдагы досторум, окуучуларым катышты. Кыргызстандыктар да күбө болушсун деп сиздердин гезит менен “Азаттык” үналгысынын өкүлдөрүн чакырдым.
– Дубайдын полиция кызматкерлерине сабак берериңизден кабарыбыз бар. Спорт залыңызда дагы кимдер машыгышат?
– Учурда полиция кызматкерлерине атайын залдарына барып сабак берем. Спорт залыма каалоочулардын баары, башкача айтканда, ар улуттун өкүлдөрү келип машыгышат. Жергиликтүү арабдардан тартып теги америкалык, австралиялык, африкалык, филиппиндиктерге чейин келип сабак алгандар бар.
– Жардамчыларыңыз бар да?
– Ооба, 2 жардамчым бар: Баткенден Мухаммед жана Ысык-Көлдөн Самат деген жигиттер. Ошондой эле Өзбекстандан Озод, Англиядан Тони, Египеттен Вайл, Дубайдан Мансур менен Жамал деген инструкторлор бар.
– 3 жыл мурда биздин гезитке берген маегиңизде “Кыргызстанда да спорт мектептерин ачам” деп айткансыз...
– Буюрса, ал тилегимдин орундалышына да саналуу күндөр калды. Ушул жылдын июль айында Бишкекте спорт залын салтанаттуу түрдө ачабыз.
– Машыктыруучулуктан тышкары эмне менен алектенесиз?
– Учурда бизнес менен алектенип жатам. Кыймылсыз мүлк сатуу менен иш алып барам. Орусиялык жана арабиялыктардын ортосунда газ жана мунай боюнча бизнесинде брокермин. Мындан тышкары шейхтердин айткан жумуштарын аткара коём.
– Биз бул жакта жүрүп Кыргызстандан экенибизди айтканыбызда көбү биле беришпеди андай өлкөнү. Эмираттарда биздин өлкө тууралуу таптакыр билишпейби?
– Чынында, мурда анча билишчү эмес. Акыркы мезгилде өлкөбүздө болуп жаткан саясий окуялардан улам билип, кабар алып калышкан. Билбегенине себеп бар. Биздин бийликтегилер бул жакка келишпейт. Алсак, Акаев келип, кийин булар барабыз дегенде, ал Израилге сапар тарткан. Анан булар еврейлерди жаман көрүшөт да, ошондуктан биз менен мамиле кургулары келбей калган. Бакиев да келем деп коюп келген эмес. Биздин чоңдор келмейинче бул жактагылар бизди таанышпайт. Президентпи же өкмөт башчыбы, келип кетсе, анан булар бизди таанып, мамиле жасай башташат. Кыргызстан чакан өлкө болгондуктан, өзүбүздү өзүбүз таанытпасак, бизди эч ким таанытпайт. Бир айта кетчү нерсе, арабдар Египет, Ливиядагы окуяларды көрүп, “кыргыздар арабдарга революцияны жуктурушту” деп тамашалап калышат.
– Дубайда сизге жардам сурап кайрылган кыргыздар көп эле болсо керек?
– Ооба, көп эле. Менин полиция кызматкерлери менен байланышым болгондуктан, мыйзам жагынан маселе жаралып, түрмөгө түшүп калган мекендештерибиз кайрылып калышат. Жардамымды аябай, колдон келген көмөгүмдү көрсөтөм.
– Сиз аздыр-көптүр бул жакта жашап, жергиликтүү адамдар менен тааныштыгыңыз бар. Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча аракеттерди жасадыңыз беле?
– Бакиевдин тушунда Максим Бакиевге 14 долбоор сунуштагам. Жыйынтык чыкпай, 2 ай өтпөй алар бийликтен кетишти. Ал долбоорлордун арасында Кыргызстандын ар бир облусуна бирден завод куруу бар. Эгер бул ишке ашып калса, миңдеген мекендештерибиз Орусияга барбай, үй-бүлөсүнүн жанында эмгектенишмек. Ошондой эле ири шаарларга машина токтотуучу жайларды ачуу жана электрондук радарларды орнотуу долбоорлору да бар. Башкысы, арабдар да, биз да мусулманбыз. Арабдар бизге инвестиция жумшоого оозеки макулдугун беришкен.
– Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз. Жубайыңыз эмне менен алектенет? Балдарыңыз кандай мектепте окушат?
– Жубайымдын аты – Гүлзат. Балдарым менен үйдө. Улуу кызым Муслима 3-класста жана экинчи кызым Мадина 1-класста окуйт. Экөө тең орус мектепте билим алышат. Анан 6 жаштагы Мухаммед Али, 3 жаштагы Мухаммед Амин деген уулдарым бар.
– Ата-энеңиз айылда турушабы? Канча бир туугансыз?
– Атам Муса ажы жана апам Тургунай ажы экөө тең айылда. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Мен эң улуусумун. Иним жана эки карындашым бар. Иним Бакыт үй-бүлөлүү. Айылда ата-энем менен турат. Гүлназ аттуу карындашым УКМКда иштейт. Кичүү карындашым Миңгүл Кыргыз-Кувейт университетинде 3-курста окуйт.
– Ийгиликтерге жетүү үчүн адам көптөгөн кыйынчылыктарга туш болору белгилүү. Азыр артка кылчайып жылмаюу менен эстей турган кыйын күндөр болгондур...
– Албетте. Жаңы келгенде көчөдө, сейил бактарда уктачумун. Бул жакта асманды карап жылдыз санайын десең, жылдыз да көрүнбөйт. Деңиз боюна барып арабча, англисче китептерди окуп, ыйлап жаткан күндөр болгон. Уктайын десең, уктай албайсың. Ысык 50 градуска жетет. Тердеп, кийимиң денеңе жабышат. Күндүз көзүң шишип, жумуш издеп жүрөсүң темселеп. Негизи, адам баласы кыйналат да. Ошого сабыр кылыш керек. Дубай бир нерсени гана талап кылат: кыйынчылыктарга сабыр кылсаң, ошондо ийгиликке жетишесиң.
– Эгер сиз “Ийгилик сыры” деген китеп жазсаңыз, эмне деген тыянак жазат элеңиз?
– Мен сага жөнөкөй бир мусулманча ийгиликке жетишүүнүн формуласын айтып берейин. Алгач адам баласы жүрөктө ниет кылат. Анан жүрөк башка «СМС» жөнөтөт. Башта көптөгөн ачылбаган «файлдар» бар. Керектүү «файл» табылгандан кийин ал жөнүндө кыялданып, аны ишке ашыруунун жолдорун издеп баштайсың. Анан Жараткан ага макулдугун берип, кол коюп, кайра жүрөккө берет. Анын ишке ашуусу үчүн жүрөгүң таза болушу керек. Эгер жүрөгүң таза болсо, ал ишке ашат. Эгер күнөөлөрүң көп болуп, жүрөгүң таза эмес болсо, анда ал нерседен куру каласың. Муну аба майданына салыштырсак болот. Эгер кандайдыр бир учак коноюн десе аба майданы бош эмес болсо, учак башка аба майданына конууга аргасыз болот эмеспи. Айтор, эгер сен кандайдыр бир нерсени чын жүрөктөн кааласаң, ага жетесиң, Кудай берет. Ар бир адамдын кыялы болушу керек.
– Учурда сиздин кандай кыялыңыз бар?
– Азыр менин эки кыялым бар. Биринчиси – туулуп-өскөн Баткен районунун Самаркандек айылына суу чыгаруу. Себеби кыргыз тоосунан түшкөн суу тажиктерге өтүп кетет. 1990-жылдары ошонун айынан чоң уруш чыккан. Тажиктер биздин сууну биздин жерге алмаштырышат, “жер берсеңер, суу беребиз” деп. Учурда дыйканчылык үчүн, өрүктөрдү сугаруу үчүн, керек болсо ичкенге да суу жок. Союз кезинде Баткендеги өрүктүн кирешеси кийинки өрүк бышкыча жетчү. Азыр өрүктөр кургап жок болгон. Айылдардагы жаштар Орусияга иштеп кетишкен. Жерлерибизди тажиктер ээлеп, талашып, суу бербей жаткан кез. Акыркы жаңылыктардан көрүп жатсаңар керек, тажиктер менен чырлар чыгып жатканын. Суу бизде кеңири болуш үчүн тоону 3 чакырымдай тешип дамба куруп, 20 чакырымга канал курсак, көп аянттар өрүкзарга айланат. Анан даңазалангандай эле Баткен өрүкзардын мекенине айланат, тажиктерден көз каранды болбойбуз. Буга араб инвесторлорунун 10 миллион доллар жардам катары беребиз деген убадаларын кармап отурам.
Экинчиси – 7 облустун ар бирине бирден завод куруу. Бирок бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кыргыз тараптан бизге колдоо, колдоодон мурда кепилдик керек. Биз кыргыз бийликтерине Дубайга Кыргызстандын соода өкүлчүлүгүн ачуу маселесин да сунуштап жатабыз. Эгер мындай өкүлчүлүк ачылса, эки тараптуу кызматташтыкты жандантууга, жогорудагы долбоорлорду ишке ашырууга жакшы өбөлгө түзүлмөк. Башкы максатыбыз – Кыргызстанга инвестиция тартуу. Бул үчүн Кыргызстандын өкмөт башчысынын Дубайга иш сапарын уюштуруу керек. Мындай сунушту биз Дубайдагы Кыргызстандын башкы консулдугуна айттык, алар азыр уюштуруу иштерин даярдап жатса керек. Биздин бийлик так иштешип, инвестицияга көндүрсөк, араб инвесторлору миллиондогон акчаларды жумшоого даяр. Менин 15 жылдан бери кыялданып келгеним ушул.
– Биздин гезитти сыйлап, Дубайга чакырганыңызга чоң рахмат! Максаттарыңыздын ишке ашуусуна тилектешпиз. Ийгилик сизге!

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Орус, араб, англис, түрк, урду жана фарсы тилдеринде эркин сүйлөйт.
  • “Ип Ман” тасмасынын 4-бөлүгүнө тартылууга чакырык алды. Анда Брюс Линин окуучуларынын биринин ролун жаратмакчы.
  • Арабдар аны Кудратулло деп аташат. Анын мындай арабча аты кыргызчага которгондо Кудайдын кудурети дегенди билдирет.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(17)
25.04.2011. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа Азаттыктын журналистери алган интервьюсун теледен кордум ...молодец экен...но иш жузундо коргозгондон кийин коро жатарбыз...
25.04.2011. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы араб го ээ?
25.04.2011. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы коргом ТВден, жакты чын эле. Бирок чын эле иш жузундо коруш керек.
25.04.2011. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзат болуп жатса кайдагы араб)))
25.04.2011. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, Кыргызымда ушундай Кыргызстанды ойлогондор кобойсо жакшы болот эле
25.04.2011. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da bul baikeni biz taanyibyz ubagynda ayabai kyinalgan dep aityshat,aitkan plandary ish juzuno ashyrylyshyna tilekteshpiz,iygilik ishterine ui-biloosu m-n tynch bolsun.
25.04.2011. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мекенине болгон суйуусу куч экен,а кылган ишинен коробуз дегендерге айтаарым ийгилик каалайлы жана биз дагы ушул агадай болушка аракет жасайлы,сизге чоон ийгилик,куч кубат жана эн негизгиси ишеним каалайм.niyaz-90-kgz@mail.ru
25.04.2011. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам! бийлик ээлери "торговыйпредставитель " деген должность берсе анан баардыгы ишке ашат ,анткени демоорчулорду тартуу учун кепилдик керек окмоттон, Бул анын жеке кызыкчылыгы эмес арабтардын шарты ,колдоо корсотпосолор бир озу аракеттенсе майнап чыга беле колдоп коюшпайпы Бишкеке метро курдуртуп берем деген да убадасы бар,должность алып , аткара албаса анан сындап ,электен откоро жатарсынар Жакшы тилек жарым ырыс,Амин дегиле Аллах тилегине жеткирсин Биз учун аракет кылып жатпайбы
25.04.2011. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет жакта биздин атыбызды таанытып жатат ,мен Дубайда болгонумда эч ким билбейт болчу Кыргызстан деп айтканда ,Аззамат!
26.04.2011. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат кубанычбек агабыз иштеринизге ийгилик...
26.04.2011. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызда ушундай азаматтар коп болсо абдан сонун болмок...Ар дайым Аман болуп тилектери орундалсын...!!!
26.04.2011. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4inigi Patriot kiwi eken,molodets.
26.04.2011. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун кызыкчылыгын гана ойлобогон, сизге окшогон кыргыздын патриот адамдары коп болсун!!!
28.04.2011. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздей атуулдарыбыз менен сыймыктанабыз!
28.04.2011. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы,ийгилик каалайбыз!!!Иншаллах тилектериниз ишке ашат,аны убакыт корсотот...
28.04.2011. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандан должность тузуп ага кепилдик официалдуу турдо берилсе да практика жузундо ар кандай болуп кетиши мумкун.Бир чиновник бир жерден бирдемке жей албай калса бутту.Биздегилерге ишенич жок,эгер план ишке ашпай калса бирдемкеге аралаштырып жамандап жазып жатып калышат.
28.04.2011. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсо да пландар ишке ашсын, чон чон ийгиликтерди каалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: