Гезитибиздин www.super.kg сайтында “Президенттикке ким татыктуу?” деген сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Кызыгы, “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаровдун рейтинги күн санап өсүп барат. Анын аброю артып баратканы коомчулукта да байкалууда. Экинчи орунда Атамбаев болсо, үчүнчү орунда Текебаев. Учурдагы президентке да ишеним көрсөтмөкчү болгондор аз эмес. Булардан сырткары Келдибеков – 4, Кулов – 4, Сариев – 2,6, Өмүракунов – 2 пайыз добуштарга ээ болушту.

Ал эми орус тилдүү «Дизель» форумундагы ушундай сурамжылоодо абал бир топ айырмаланат. “Жакынкы күндөрү президенттик шайлоо болсо, кимге добуш бересиз?” деген суроонун негизинде жүргүзүлүп жаткан сурамжылоодо “баарына каршымын” дегендер учурда 27,54 пайызды түзүүдө. Баарына каршылардан кийин эле Феликс Кулов, ага үзөңгүлөш экс-президент Аскар Акаев баратат. Экөөнөн кийинки орунду жакында кызматтан бошотулган Кубатбек Байболов ээлөөдө.

Көрүнүп тургандай, кыргыз тилдүү интернет колдонуучулар менен орус тилдүүлөрдүн пикири төп келише бербейт. Көрсөткүчтөргө көңүл бөлсөк, лидерлердин бири да 50 пайыздан ашык добуш ала алчудай эмес. Президент болуу үчүн 50 пайыздан ашык добуш алуу керегин эске алсак, анда булар бири-бири менен тил табышууга аргасыз. Эки талапкер бириккен күндө да, алардын электоратында биримдик болору күмөн. Же тескерисинче шайлоочу-колдоочусу окшош болгон Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевдин өз ара мамилесинин начардыгын айтсак болот. Ушундай эле көрүнүш кечээ үзөңгүлөш болуп жүрүп бүгүн атаандаштарга айланган Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевден да байкалат.
Ты так противно пишешь,по своему аналитик нашелся