Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Марат Султанов, Жогорку Кеңештин депутаты: «КАНТИП БАЛДАРЫМДЫ ТОБОКЕЛГЕ САЛАЙЫН?»

№446 20-26-май, 2011-жыл


Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, парламенттин спикери жана Каржы министринин милдеттерин аркалаган Марат Султанов быйыл өтүүчү президенттик шайлоодо ат салышууга даярданууда. «Күчтүү атаандаш болот» деп чочулагандар бар өңдүү, эмитеден коркутуп-үркүтүүлөр башталып, үйүнө граната ыргыткандардын изи табылбай жатат.

Султанов Марат Абдыразакович
Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Журт” фракциясы.
1960-жылы 5-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн.
1983-жылы Москва шаарындагы Болот жана аралашмалар институтун аяктаган.
1994-1998-жылдарда Улуттук банктын төрагасы, 1998-2000-жылдары Каржы министри, 2000-2005-жылдарда ЖКнын депутаты, 2006-2007-жылдары парламенттин спикери, 2009-2010-жылдар ичинде кайрадан Каржы министри болуп иштеген.
Үй-бүлөлүү. 3 кыз, 1 уулдун атасы.

“КАРА-КУМДА ЗЕКТЕР МЕНЕН ТЕМИР ЖОЛ КУРГАМ”
Биздин каармандын атасы Алайдан болсо, апасы чүйлүк. Өзү Фрунзе шаарында төрөлгөнүнө карабастан, бала чагы жана башталгыч мектептин доору Алай районунун Сопу-Коргон айылында өткөн. Буга атасынын бир тууган агасынын баласы жоктугу себеп болгон. Андыктан бир канча жыл алардын колунда жүрөт. “6-классымда абам атамдар менен сүйлөшүп, мени Ош шаарына жөнөтмөк болду”,- дейт Марат мырза. Билимге басым жасашкан жакындары биринчи Ош шаарына алып келишип, эки жылдан соң Бишкек шаарындагы №5-гимназияга которушат. Мектепти аяктагандан кийин Москвадагы Болот жана аралашмалар институтуна тапшырып, жакшы окугандыгы үчүн аны 5-курстан кийин аспирантурага алып калышкан.
“СССР кезинде окуучулук жана студенттик куракта да түрдүү иштерге алып барышчу эмес беле. Мектеп пахта терүү менен эсте калса, институтта окуп жүргөндө Кара-Кум чөлүндө зектер менен темир жол курганыбызды унутпайм. Ошондо баштан 50 градус ысык өтсө, экинчиден, суунун жоктугу кыйнаган эле. Эң чоң акчаны ошентип иштеп жүрүп тапканмын. Атам чоң кызматтагы адам болсо да, көп эле жумушту аткаруудан баш тарткан жокмун. Курулуш отряддарына барып жүрүп, кийин үйүмдүн ремонтун өзүм эле жасап алчумун”,- дейт Марат Султанов.

“АПАМ 72 ЖАШТА. АЛ УНАА АЙДАП, БИЗНЕСТИ БАШКАРАТ”
– Эң оболу, чоң атамдан кеп баштайын. Ал Социалисттик Эмгектин Баатыры сыйлыгын алып, өз чөйрөсүндө кадырлуу киши болгон.Ал эми атамды жогоруда чоң деп калбадымбы, ал Борбордук комитетте бөлүм башчы болчу. Атам Абдыразак Султанов мекенине өмүр бою кызмат кылды. 1985-1986-жылдары “Кыргызстанда улутчулдук күчөп жатат” деген шылтоо менен Москвадан десанттар келгени белгилүү. Алар көптөгөн кишилерди кызматтан алып жиберишкен. Мына ошондо десанттарга атам биринчилерден каршы чыгып, мунун кесепетинен инфаркт болгон. Көп өтпөй каза болуп калды. Көбү атамды “Ала-Арча” көрүстөнүнө коёлу деп чыкты, бирок кичи мекеним менен байланышты үзбөө үчүн сөөгүн Алай жерине бердик.
Апам 72 жашта. Ушул жашында да унаа айдап, азыркыга чейин иштеп келет. Отузга чыга электе май жана сүт заводдорунан турган чоң бирикменин башкы директору болгон. Апамдын 40 жылдан ашуун жетекчилик тажрыйбасы бар.
2 бир тууганбыз. Иним Омар Москвадагы Мамлекеттик университетти аяктап, өзүнүн карьерасын Тышкы иштер министрлигинен баштаган. Кезегинде Германия жана Швейцарияда элчи болуп турган. Мындан улам биздин үй-бүлөдө жаш кезинде эле бийлик бутактарына келип, кандайдыр бир тармакты башкарып кетүү атадан балага өтүп келе жатат десе болот.

“ЭМНЕ ҮЧҮН “БРИГАДА?”
– Ооба, калың эл мени министр же “Бригада” тобундагы депутат катары көбүрөөк таанышы ыктымал. Бирок өзүм Улуттук банктагы иш тажрыйбамды эң жемиштүү деп атайм.
«Бригаданын» пайда болуусуна токтолсом, 2006-жылы Конституцияга кезектеги өзгөртүүнү киргизмей болуп калышты. Ошондо бул реформага байланыштуу Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана менин пикирлерим төп келип калган. Биздин көз карашыбызга каршы болгон саясатчылар төртөөбүздү “Бригада” деп аташкан. Буга биз таарынган деле эмеспиз.
Ахматты мурун эле таанычумун, анткени жердешпиз. Камчыбек, Садыр менен 2005-жылы депутат болгондон кийин таанышып калдым. Пикир алмашып жүрүп, жакшы жоро-жолдош болуп кеттик.

“БИР ДАГЫ ПАРТИЯНЫН МҮЧӨСҮ ЭМЕСМИН”
– Ошол эле “Ак жолдун” же бүгүнкү “Ата Журттун” да мүчөсү эмесмин. Бир мезгилде “Адилет” партиясынын тең төрагасы болгонум үчүн мүчө болууга туура келген. Ага Чыңгыз Айтматов өзү чакыргандыктан, барган элем. 2002-жылы айрым түшүнбөстүктөрдүн айынан бул партиядан кеткенмин.
Баса, Айтматовго байланыштуу кызыктуу окуя өткөн. 1992-1993-жылдары Чыңгыз Айтматовго өздөрүн граф деп тааныштырган кишилер келип, эгерде Улуттук банк кепилдик берсе, Кыргызстанга 4 миллиард доллар инвестиция карматабыз дешет. Эми ал киши жазуучу да, анын үстүнө мекенине жардам берүү ниети чоң болгондуктан, аларга ишенип калат. Бул кабар тез эле Кыргызстанда жайылып, баары эле банктын кепилдигин күтүшөт. Анда Улуттук банкта иштечүмүн. Биз кепилдикти берүүгө макул болбой койгондо, мени Бельгияга сүйлөшүүгө жөнөтүштү. Керектүү маалыматтарды сураштырсам, алар бербей коюшту. Мындан улам Айтматов мага таарынып калды. Бир жыл өтпөй ошол адамдар эл аралык аферисттер экени ачыкка чыгып, үчөө-төртөө колго түштү. Ошентип, залкар жазуучу менен болгон мамилем жакшы болуп кеткен. Чет жерден келип калганда мага коңгуроо кылып, “Марат, үйгө келип, чай ичип кетчи” деп калар эле.

“ФОРМАМДЫ ЖОГОТУП АЛДЫМ”

Каарманыбыз бала чагы, өмүр таржымалы жана иш тажрыйбасын баяндап берген соң, кыска суроолорубузга жооп берди.
– Президенттик шайлоого катышасызбы?
Катышам деген оюм бар. Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча өз моделимди ишке ашыруу үчүн бүт аракетимди жасайм.
Сизди сырттан колдогондор барбы?
Ооба. Алардын көбү Орусия менен Казакстандан. Колдоочулар – саясатчылар, коомдук ишмерлер, бизнесмендер.
Үй-бүлөңүз жөнүндө учкай кеп...
Жубайым Таластан, муну айтпай деле койсом болмок. Ажобуз да ошол жактан эмеспи (күлүп). 3 кыз, 1 уулум бар. Улуу кызым Америкада, быйыл окуусун аяктады. Стипендия алып, өзү иштеп, акчадан кыйналбайт. Экинчиси Малайзияда, ал 1-курста. Андан кенжелери кичинекей. Үчүнчү кызым 5те, ал эми уулум 2 жашта.
Айлыктан тышкары кошумча булагыңыз барбы?
Ооба, аны декларацияда көрсөтүп келем. Ижарага берүү жана капиталды туура бөлүштүрүү тармагында чакан иштерим бар.
Сизге акыркы учурда кайсы маселе тынчтык бербей жатат?
Көбү гранатага байланыштуу окуяны пиар дешпедиби. Ошолорго “башы жок киши эле ошентип пиар жасайт” деп айтар элем. Себеби граната ыргытылган жакта эки кичинекей балам жатат. Кантип ошолорду тобокелге салмакмын?
Шек санаган адамыңыз барбы?
Эч кандай душманым жок деп эсептейм. Бирок менде эки версия бар. Биринчиси, бул – провокация. Бийликтеги адамдар менен уруштурууну каалашууда, анткени мен коалицияга да кирген эмесмин. Экинчиден, президенттикке талапкер болушумду жактырбаган бийликтеги адамдар. Анткени жардыруудан кийин жардамчым мени коштоп жүрө баштады. Анын унаасына бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү “KG” номурун тагып берсек, чечип кетишиптир. Анын баары видеого жазылып калган. Кийин апамдын айдоочусу дал ошол номурду чечип кеткен машина артынан жүргөндүгүн айтып калды. Колубузда болгон маалыматты укук коргоо органдарына өткөрүп берип жатабыз.
Бир учурда чачыңызды кичине өстүрүп алганыңыз үчүн ырымчыл киши деп укканмын. Бул чынбы?
Жок. Мен тышкы көрүнүшүмө көп көңүл бура бербегеним үчүн чыкса керек. Качан гана чачым аябай өсүп, жубайым же апам “чачтарачка барбайсыңбы?..” демейинче байкабайм. Кийимде деле ушул абал. Көбү “белгилүү бир фирманын кийимдерин кием” деп калышат го. Костюм-шымдарым атайын тигилген эмес, катардагы дүкөндөрдөн алынган. Модалуу саатым деле жок.
Кантип эс аласыз?
Өткөндө Феликс Кулов мага “сен мурун булчуңдуу жигит элең, азыр курсагыңдан булчуңдар чыга баштаптыр” деп күлүп калды. Мен да тамаша аралаш “Феликс Шаршенбаевич, сиз да мендей болуп калыпсыз. Буюрса, жакында оңдойм” дедим. Ачыгын айтуу керек, формамды жоготуп алганыма бир жарым жылдай болуп калды. Убакыт болсо, тоодон лыжа тебем, теннис ойноп же сууда сүзүп калам. Андан сырткары тамеки чегүү, арак ичүү деген адаттарым жок.

Эльвира Караева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(15)
23.05.2011. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Марат Султанов сизге кенешим ит уро берет кербен журо берет так что дайыма алдыга кадам таштай бериниз алга жана алга
23.05.2011. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиз президентикке койсонуз мен иштеп берем. Проблема жок ал жагынан. Сиз Торага болуп турганда чын эле айтышат Жогрку Кенештин кызматкерлери сонун Торага деп, эн эле жонокой адамкерчиликтуу деп. Анан эч кимди жумуштан алып же озунун адамдарын койгон эмес деп бугунку кунго чейин айтып журушот. Сизде инсандар коп болсун Тенир сизди Колдосун.
23.05.2011. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
татынакай кыздары бар экен
23.05.2011. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер интервью. Ушундан эле билсе болот, Марат Абдырызыкович кандай инсан экенин, билиминин денгээлин, жонокойлугун. Орусча айтканда: грамотно, тонко и ясно. Президенттикке эн татыктуу талапкер, башкасын айта албайм. Ал эми граната ыргыткандар, аман эле болушсун. Алардын колдорунан башка (более достойные)нерселер келбейт дагы. Марат ага, душманыныз барбы, эчто значит, что Вы достигаете успехов,больших высот!Бактынызга уй-булонуз аман болсун! Аллах колдоп, куч-кубат, кайрат берсин! Ак жол Сизге!!
24.05.2011. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билими,иш тажрыйбасы мол болсо мол болгондур, бирок "Жубайым Таластан, муну айтпай деле койсом болмок. Ажобуз да ошол жактан эмеспи" дегенине тушунбодум. Ажо Таластан болсо, аялы таластан болсо не болуптур? Айтор, тушунбодум
24.05.2011. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чачы урпойуп эле журо берчи эле...парламент жыйндарында коруп алып кулкум келе берчи..чачы онолду...
бирок тырышчактыгы астай сезилет "не упрямый"
24.05.2011. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabay tuwunuktuu suyloyt eken uwundai adam bolup kalsa kana ele Prezident.Iwinizge iygilik Marat baike.Ayalyda tatynakay eken .
24.05.2011. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arlekino: Ошол чачы мени да аябай кызыктырчу...)))
24.05.2011. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Радиодон макал сыяктуу бир соз уктум эле. Президент каяктан болсо болсун, аялы Таластан болсун деген. Марат мырза да ушул созду колдонгондой.
25.05.2011. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооой ушу саясатчылардын ойлоп таппаганы жок го чиркин. Эгер чын эле өлтүрүүгө ниеттенген немелер болсо түп орду менен эле көзүн тазалайт да Баяман, Санжарларга окшотуп. Анан короосунун киши жок жерине ыргытып коюп бомба жарылды дебей.
26.05.2011. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин президент болушунузду каалайбыз...
27.05.2011. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтор аман болсун.Шайлоодон кийин билинет кимдин ким экени...Кайсысына ишенээрибизди билбей калдык.
28.05.2011. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men ech kimge ishenbeim.(kudaidan bahska)kaza bolgon baldardyn korustonundo ant bergen adamdar jakshy ishtep jatkanga kim ishenet.?maga ech kandai prizidenttin keregi jok.menin jeke oium /.omurumdo shailoogo katyshkan emesmin chynyn aitsam.shailabaim dagy.birok marat baike jakshy ele korunot.kudai ynsap berse ele boldu ...
15.06.2011. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Марат мырза Кыргыздын чыныгы азаматы. Билими, мекенчилдиги, туруктуу позициясы,коп жылдык мамлекеттик жооптуу иштерде тажрыйбасы Марат Абдразаковичтин ажолук кызматка даяр экенин корсотуп турат.
23.06.2011. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиз коп жыл иштединиз эми президенттике умтулбай эле жаш кадрлардан чыкканга мумкунчулук тузуп берсениз болмок.сиздер иштеп кордунуздор биз кордук
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: