Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Асылбек Нарбаев: «КҮНДҮН НУРУН КӨРГҮМ КЕЛЕТ»

№449 10-16-июнь, 2011-жыл


Асылбек өз энесинин көздөрүн, жүзүн 3 жашынан бери көргөн эмес. Эркектер аялдын сулуулугун көзү менен көрсө, бул адам жан дүйнөсү менен сезет жана айымдардын үнүнө ашык болот. Оор дарттан улам көрүүсү начарлай берип, кийин таптакыр көрбөй калган Асылбектин тагдыры эч кимди кайдигер калтырбаса керек.

ТАМ БООРУ МЕНЕН ЖЫЛГАН БАЛАЛЫК
– Жараткан бешенеме жазса керек, тагдыр мени караңгылык дүйнөсүнө чулгап койду. Өзүм Ноокаттын Ак-Булак айылынан болом. Ата-энем бар, үй-бүлөдө беш баланын экинчисимин. Кичинемде кызамык менен ооруп, «3 күн караңгы жерге кармаш керек» деген сөздөргө ишенип, доктурларга кеч кайрылышыптыр. Эки көзүм тең тоодой шишип, ичине суу толуп кеткендиктен, аны жарышат. Натыйжада бир көзүмдүн карасы өчүп, экинчисинин карегин ак басып калган. Доктурлар “көзүң кайра көрөт” дешкен эле. Менин оюмча, алардын жаңылыш диагнозунан ушул күнгө туш болдум. Анан 6 жашымда доктурлар Москвага жиберишкен. Тилекке каршы, алар жардам бере алган жок, диагноз да коё алышпады.
Башка балдардай мектепке барган жокмун. Балдар сабакка чуркап кетип жаткандарын сезип, мен тамдын бооруна сүйөнүп кала берчүмүн. Мен теңдүүлөр үйлөнө баштаганда эжем Назгүл аттуу кыз менен тааныштырды. Ал көзү көргөн, мээримдүү кыз болчу. Сүйлөшүп жүрүп экөөбүз баш коштук. Көп жылдар бою Назгүл колуктум гана эмес, менин көзүм, колум болду. Бир уул, бир кыздуу болдук. Негедир аялым кыйналып, жашоосуна ыраазы эместей сезиле берди. Бир адамды кыйнап, жасалма жашоо кургум келген жок. Азиз адам менен жашоо кимге болсо да оор экенин түшүнөм. Акыры мен өз жолум менен, ал өз жолу менен кетти. Кызым менде калды, уулумду жубайым алып кетти. Ушундан соң ата-энемдин мойнуна жүк болгум келбей, мен да өз арабамды кылдыратайын деп чечтим.
Ошентип, Бишкекти көздөй жөнө­дүм. Шаарда эч кимим жок, эптеп кара жанды багыш керек болду. Базарларга ырдап чыккандан башка эч жол жок экенин түшүндүм. “Дордой”, “Орто-Сай” базарларына көп каттай баштадым. Базар кыдырып ырдоо менин кесибим болуп калды. “Ош базар” жактагы бир түндүк батирлерге 50 сомдон төлөп түнөп жүрдүм.
Күнүнө 400-500 сомго чейин тапчумун. Ал жатакана, жеп-ичкениме кетчү. Чогулуп калган акчамды көп учурда уурдатып да жиберер элем. Тонолуп, ур-токмок жедим, “карып экен” деп эч ким мени аябады. Маңдай тер менен, кадам санап көчө кыдырып тапкан акчамды Кудайдан коркпогондор алып койгон учурлар көп болду. Бирок жашоо менен тынбай күрөшүп, ыр чыгарып, чыгармачылыгымды кеңейте бердим. Жазганды, окуганды билбегендиктен, баары тең эсимде жазылып, жакпай калгандар мээмден өчүп кетет.

КАРАҢГЫДАГЫ ЖАРЫК СҮЙҮҮ
– Досторум – өзүмдөй азиз адамдар. Кээ бири чала-чарпыт көрөт, кээ бири такыр эле көрбөйт. Бир күнү баарыбыз чогулуп калдык, адаттагыдай турмуш жөнүндө кеп козгоп, сөз кыздарга да жетти. Чала көргөн бир досум, “Медакадемияда бизге окшош көзү көрбөгөн, бирок сулуу кыздар окуйт экен” деп айтып калды. “Кой, убакытты текке кетирбейли” деп жөнөп калдык. Барсак, чынында эле массаж курсунда азиз кыздар окушат экен. Аларды сөзгө тарттык. Мага бир кыздын үнү аябай жакты. Жүзүн көрбөгөндөн кийин мен үн аркылуу адамдарды ажыратам. Ал мага үнүнөн аябай сулуу сезилди. Досуман сураштырсам, “ооба, татынакай кыз экен, аты Кызжибек” деп калды. Анын көзү такыр көрбөйт экен. Ал кызды катуу сүйүп калдым.
Кызжибек жатаканада жашачу эле. Кеч калсам, кароолчу эжелер шыпыргысы менен кыйкырып-өкүрүп артыман кууп чыгарышчу. Өжөрлөнүп кетпей, коридордо да түнөгөн түндөр көп болду. Кээде кечинде келип, аны жетелеп сейил бакка алып кетип калчумун. Таң аткыча жетелешип сейил бакты тегеренип жүрө берчүбүз. Экөөбүздү тоноп кеткен күндөр да болду. Караңгыда колун коё бербей, бизге кол салгандар менен тирешкен күндөрүм да эсте. Айланам караңгы болгону менен, сүйүү дүйнөнү жарык кылып турчу. Бирок ырдап тапкан акчам жашоого жетпей, акыры Казакстанга кеттим. Ал жактан күнүнө 800 сомго чейин тапчумун. Тапканым баарына жетчү, бул жактагыдай тоноп, уруп кеткендер болбоду. Кээде бул жакка келип кайра барганымда “баурым, калайсың?” деп учурашып калышчу. Арадан эки жыл өттү. Бишкекке кайттым, Кызжибекти издеп таап алдым, аз өтпөй баш коштук. Кыздуу болдук. Учурда чогуу жашап келе жатабыз.

АРМАН ЖАНА ҮМҮТ...
– Эркек болгондон кийин эч кандай байлыгың жок четтелип калат экенсиң. Жубайымдын үйүндө жашоо мага өтө эле оор. Кызжибек мага эмес, мен ага турмушка чыккандай сезилет. Эмнегедир жан дүйнөм кыйналып, эч бир жай таба албай келет. Ошол кемсинүүдөн улам жубайыма болгон сүйүүм да түгөнүп бараткансыйт. Мен, болгону, жакшы мамилеге жана сүйүүгө муктажмын. Канча тырышып, таш боор тагдыр менен таймашсам да, утулуп бараткансыйм. Армандамын... Ата-энемдин, бир туугандарымдын жүзүн көрбөгөнүмө, балдарымдын жүзүн көрбөгөнүмө... Мага жылуулук берген күндүн көзүн көрбөгөнүмө армандамын... Бирок үмүтүмдү эч үзбөйм. Балким, көрүп калармын деп кыялдана берем. Кайгыдан улам жан дүйнөмө мындай саптар келет:

Сүйүп, бирок сүйүлбөстөн жүрөмүн,
Сүйүү эңсеп, сыздайт менин жүрөгүм.
Жан дүйнөмдүн жакыны жок кантейин?
Жалгыздыктын кучагында түнөгүм...
Жарым жүрөк болсо экен бир бүтүн,
Жараткандан тилеп келем күнү-түн.
Оо, жаштыгым, тура турчу узабай,
Жалгыз жүрөк таап алсын сүйүүсүн.

СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
Татаал тагдырына баш ийип мөгдүрөбөстөн, аны менен тең күрөшүп жүргөн Асылбек мырзадан сабак алчудай да болот экен. Күнүмдүк кыйынчылыктан арыла албай, жашоосуна нааразы болгон айрымдар шүгүр деп жашоосу абзел. Сөзүбүздүн аягында биздин каармандын көздөгөн максаттары орундалышына тилектешпиз.

Мальвина Уметбекова
lira@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(15)
13.06.2011. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асылбектин козу корбогону аянычтуу, бирок 1 аял алып аны кетирип, Кызжибекти алып аны да шорго матырам дегени катачылык, тагдыр эмнени буйруса ошого баш ийип жашаш керек да, бул баланын оюу асманда экен го
13.06.2011. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоок ой, бул жерде эмне болуп асманга коколоп атат. Асылбек болгонун болгондой эле айтып жатат. Бул тагдыр, биз буларды котормолошубуз керек.Алар кокту энсесе болбойбу, баарыбыз бирдей пендебиз, булар минткенге болбойт деп чектегенибиз туура эмес. Ким да болсо жакшы нерсеге умут кылат да. Асылбекке жашоо ошонусу менен кызык болуп жатпайбы, эртенки туман жашоосун элестетип чоккондон коро, жарык келечегин элестетип жашай берсин. Ансыз деле бугунку шору жетиштуу.
13.06.2011. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу коруп, бут баары аман болсо да иштеп уй куруудан эринген азматтарыбыз деле уйлонуп аялынын уйуно кирип алып жашап жатпайбы! Асылбек азамат,азиз болсо да бул создору намыстангандан болуп жатат. Бирок намыс учун суйуусун очурууго болбойт, жок дегенде козу корсо да бир жон, ажырашса мындан да беш бетер арманга батат!
14.06.2011. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne deshti da bilbey kaldym,chyn ele sabak alchu nerse eken,arabysda ushunday kayrattuu adamdar jashap jatsa da tort sanybys aman bis da keede Kudayga naarasybys!Men tan kaldym,kanday bekem adam kosu emes den soolugu sopsonun ele erkekter uy bulosun baga albay esi oop j-t,oshonduktan sis ayalynysdy tashtabay andan ary jashoogo umtulunus men sisge baa berdim baktyluu bolunus!
14.06.2011. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мда... Оор тема го
15.06.2011. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттин ушундайларга жардам бериш ойунда да жок
15.06.2011. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар ушундайбыз убагында ден соолукка карабай 3 кун карангы жерге камаш керек деп сокур болуп калганча карабай журо беребиз.анын убалын омур бою бир адам тартат.эх ата энелер балдарыбызды жакшы карайлычы.Асылбек жакшылыктан умутунду узбо.кудайым берерин унутпасын
16.06.2011. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкекте базарда иштеп жургонумдо Асылбек байке ырдап отуп калчу. Кандай келишкен жакшынакай жигит ушинтип калган деп бир чети боорум ооруп, бир чети жактырчумун. Эркиниз кучтуу экен эми калганына да чыдап аялыныз менен бактылуу болун, аны таштай корбон. Алты саныбыз аман биз да кээде туруп нааразы болуп кетебиз бул жашоого. Тообо кылдым, кудайга шугур.
16.06.2011. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан АЛЛАХТАН умут узбой, алдыга гана бет алыныз! АЛЛАХЫМ Сизге сабырдуулук берсин! Уй-булоонуз менен бактылуу болунуз!
17.06.2011. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul jaxodo gozv aqeh ,kokvrogv sohurlar da bar, jarathan alaga xvgvr dex gerek!
19.06.2011. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың!Эч качан чөкпө.Анткени бул жашоо өзү татаал,жашоо үчүн күрөшүш керек,соо адамга да.
20.06.2011. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul duynonun yplas oyundaryn korup emne kylasyz, bayke!? Allah sizdi jaman nerselerden korup jatat eken. Aylanangyz karangy bolgonu menen jan duynonguz jaryk turbaybi? Bizdiki teskersinche, aylanabyz jaryk birok jan duinobuz karangy, tunguyuk...
20.09.2011. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ничего жалостного и вызывающего слез вы не рассказали, вернее не договорили.Я знакома с вашей супругой, которая живет и работает в данное время далеко от Кыргызстана, чтобы прокормить дочь и сына, которого вы утверждаете, что забрали, прокормить и обеспечить нормальную жизнь.А вас мне искренне жаль, поскольку вы пытаетесь изобразить из себя белого и пушистого, поверьте мне, от хорошего мужа и отца женщины не уходят.Надо быть честным прежде всего перед собой и Аллахом, а сказки свои другим женщин
20.09.2011. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сказки другим женщинам будете рассказывать.Вашу супругу бывшую зовут Жазгуль, если вы забыли, то я вам напомню.Прекрасная женщина и мать, и к слову, ни одного плохого не говорит про вас, не потому что нечего, а просто потому что она выше всего этого мелкого и грязного.Обращаясь к вам, пишу с маленькой буквы, поскольку вы этого не заслуживаете, надо помогать своим детям, дочка ваша школьница, ходит в школу, вы их судьбой интересуетесь, спрашиваете, что едят и носят???
20.09.2011. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Думаю, что нет.Поэтому в своих рассказах про неудачный первый брак нужно начинать с себя, заняться самокритикой.Мне вас искренне жаль, вы не заслуживаете уважения ни как человек, ни уж тем более как мужчина, про отца писать не будем.Может вам это письмо не прочитают, но я выговорилась сполна.
Дальнейших успехов в жизни, а дети ни в чем не виноваты, какой бы с ваших слов Жазгуль не была.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: