Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ОШто КОРКУНУЧ ЖОК, КООПТОНУУ БАР

№449 10-16-июнь, 2011-жыл


2010-жылдын 10-июнь күнү Кыргызстандын тарых барактарында каргашалуу окуя болуп сакталары шексиз. Былтыркы жылы Ошто абал курч болсо да, барып, кандуу калаба жөнүндө репортажды сунуштаган элек. Сапарыбызды улай, бир жыл ичинде болуп өткөн өзгөрүүлөрдү жана бүгүнкү кырдаалды баяндап бермекчибиз.

КАФЕ-РЕСТОРАНДАР КЫРГЫЗЧА АТАЛГАН
Ордолуу Ош шаарына киргенде эле биринчи байкаганым – бир жыл мурункудай куралдуу аскерлер текшерген посттордун жоктугу болду. Кантсе да катардагы адам үчүн автоматтын сүрү жаман эмеспи, андыктан биз үчүн былтыр Оштун босогосун куралчан адамдардын текшерүүсүндө аттап өтүү коркунучту жараткан.
Шаарга кире бериштеги Фуркат айылы былтыркы кейпинен толугу менен оңдолуп бүтө электигин көрүүгө болот. Чакан дүкөндөр ачылганына карабай, өрттөлгөн үйлөр дале турат. Өткөн жылы дал ушул айылдын чоң көчөсүнүн боюндагы төрт дубалы менен эле калган тамдар жүрөктү солк эттирген эле. Шаардын ичи, өзгөчө борбордук бөлүгү башка райондоруна салыштырмалуу жарааттан айыккандай туюлду. Кафе, дарыкана, нотариус, дүкөн, интернет-клуб сыяктуу элге кызматын көрсөткөн жайлар оңдолуп, шаар жаңыланып калгандай сезим калтырды. Мурун кафе-ресторан жана ашканалардын аталышы өзбекче болсо, алар массалык түрдө кыргызчага же башка тилдеги сөздөргө которулганына күбө болдум.
Шаардагы карапайым калк күнүмдүк жашоосу менен алек. Самса жасоочу тандырын кызытып, сатуучулар жашылча-жемишин кардарга сунуштаса, жаш балдарын ээрчитип ата-энелер сейил бакта жүрүшөт. “Июнь окуясынын жылдыгына карата тополоң болот” деген имиштер элди тымызын чочутса да, “өз жерибизден кайда качып бармак элек?..” деген сөздөр мындай дүрбөлөң жаратуучу айыңды четке каккансыйт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Ош шаарында коркунуч жок экендигин, бирок имиштердин негизинде кооптонуу бар экенин айтты.

“ПРЕЗИДЕНТ КЕЛЕТ ДЕП АЛТЫНЧЫ ЖОЛУ ЖУУП ЖАТАБЫЗ”
Ош шаарынын жетекчилиги 10-июнду Достук күнү деп жарыялаган. Бул күнү курман болгондорду эскерүүгө байланыштуу иш-чаралар уюштурулат.
Шаардын биринчи вице-мэри Таалайбек Сабиров төмөндөгүлөргө токтолуп өттү: “Бир жылдын ичинде каза болгон жана дайынсыздардын үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыз кылуу иштери менен көп алек болдук. Жер маселеси боюнча, Жапалак айыл өкмөтүнөн 500 гектар жерди элге бөлүп берип жатабыз. Андан сырткары ушул массивдин уландысы катары Араван районунан 1400 гектар берилет. 10-июнга карата “Энелердин көз жашы” деген монументтин ачылышы болот. Азырынча биз элдештирүү жана тынчтыкты орнотуу менен гана иштөөдөбүз. Жабыр тарткандарга компенсация төлөп берүүнү бүтүрүшүбүз керек. Буюрса, бир жылдан кийин келсеңиз, Ошту тааныбай каласыз. Азыр Оштон Алайга кеткен жолдо Чыгыш дарбазасы курула баштады, шаарда Манас баатырдын эстелиги, Барсбек кагандын монументи орнотулат”.
Бийлик өкүлү “Энелердин көз жашы” деген эстеликтин кайда экенин айтып берди. Ал мэриянын имаратынын капталында эле жайгашып, жумушчулар эстеликтин тегерегин жышып жууп жатышыптыр. Эстеликке барчу таман таштан бери самындалып жуулганын карап туруп “эмнеге мынчалык?” деп суроо салдым. Жаш жумушчу бала: “Онунда президент келет экен, ошого жуугула дешти. Мына, алтынчы жолу жышып чыктык. Дагы жылтыраганча жууйбуз го”,- дейт.

КИМДИН, КИМДИН ЗАМАНЫ, НОТАРИУСТУН ЗАМАНЫ...
Ош облустук администрация менен мэрия орун алган имараттын алдында документтерин көтөргөн адамдардын изи суубайт. Кагаздарын папкага салган кыргызы да, өзбеги да биринен-бири “дагы эмне керек?” деп сурап жүрүшөт. Үй-турагынан же бизнесинен ажыраган жабыркоочулар өкмөттөн берилүүчү компенсация үчүн буту-бутуна тийбей чуркап жатышыптыр. Сумкасын колтугуна кысып, ысык күндөн көлөкөгө качкан бир кыргыз эже менин жаныма туруп калды. “Нотариустардын күнү тууду. Кадам сайын ачылышты. Ал кагаз, бул кагаз деп жүдөтүшөт, биз болсо чуркай берип чарчадык”,- деп кейиди.
Буга байланыштуу “Адам укуктары жана демократия” борборунун төрагасы Идирисбек Кубатбековго кайрылдык. Ал: “Биздин уюмдун негизги максаты – калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү. Июнь окуясынан жеке менчик ишканалары, турак-үйлөрү күйүп кеткендердин кожоюндары келишти. Тилекке каршы, кыргыз элине караганда өзбек эли өз укугун коргоо үчүн көбүрөөк келип, активдүү болушту. Документтерди даярдоо жана жардам алуу боюнча өзбек улуту катуу аракет кылып жатышты. Айрым кыргыздарга өзүбүз барып кайрылганда деле кызыгып коюшпады. Кээ бирлеринен “албай эле койдук жардамыңарды. Ансыз эле жашайбыз. Бир баламды үйгө алмаштырбайм” деген сыяктуу жоопторду да уктук. Өзбектер аз улуттук психологиясынан уламбы, бардык тармактар боюнча бири-бирин чакырып, топ-топ болуп активдүү жүрүшөт”,- деди.
Укук коргоочунун айтымында, акыркы учурда өзбек эли кыргыз тилин окутуу боюнча сабактар жакшы жолго салынуусун суранып жатышат. “Бизге ноокаттык өзбек улутундагы мугалимдер келип, “баары бир Кыргызстанда калып жашайбыз. Өзбекстан латын арибине өтүп алган. Бизге өзбек тилинен мурун кыргыз тили керек, ансыз өсө албайбыз” дешти. Алар бийлик тарабынан ушул маселеге чоң көңүл бурулсун деген сөздөрүн айтышты”,- деп улантты И.Кубатбеков.

КЫРГЫЗ ЖИГИТИ БАКТЫСЫН ӨЗБЕК КЫЗДАН ТААП...
Эл аралап жүрүп эки улуттан тең “коо­га­лаңга карапайым калктын эч кандай тиешеси жок болчу, жөн жерден жабыр тартып калышты” дегенин көп угасың. Эки жакты элдештирүү максатында өзбек-кыргыз үйлөнгөн жуптарга жергиликтүү бийликтин 100 миң сом берүү деген акциясын кулагыбыз чалган. Андыктан “Ош шамы” гезитинде иштеген кесиптештер менен чогуу дал ушундай жуптардын бирине конокко жөнөдүк. “ЗАГС алышканына үч эле күн болуптур” деген кесиптеш менен өзбектер жыш жайгашкан айылда басып бара жаттык.
Күйөөсү Ниматулло Курбанбаев 23 жашта болсо, жубайы Барно Жураева 21 жаштагы жуптар бизди тосуп алышты. Экөөнүн кимиси өзбек-кыргыз экенин аңдай албайсың. Анткени күйөөсүнүн көзү-кашы капкара болуп өзбек улутуна өтө түспөлдөштүгү, ал эми аялынын ысымы Барно экендиги таң калтырбай койгон жок. Күйөөсү кыргыз экендигине карабастан, сыртынан өзбекке, ал эми аялы өзбек болсо да, тышкы көрүнүшүнөн кыргыздын эле кызына окшош.
Ноокатта төрөлүп-өскөн Ниматулло биздин суроолуу кебетебизден улам: “Менин атам да, апам да кыргыз. Бирок өзбекке окшошуп кетем”,- деди. Кантип таанышып калганын сурасак, аларды тааныштырганын жана бир көрүп эле үйлөнүп алганын айтышты. Баарынан кызыктуусу, Ошто үйлөнгөн 17 өзбек-кыргыз жуптун ичинен эң соңку датаны алганыбызга карабай, келиндин кош бойлуу экенин көргөнүбүз болду. Барно: “Үйлөнгөнүбүзгө бир жылдай болуп калды, былтыр июнь окуясынан кийин, 16-июлда баш коштук эле. Бир айдан кийин, буюрса, көз жарам. Балага күбөлүк керек деп үч күн мурун каттоого турганбыз”,- деп түшүндүрдү. Мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөптүр. Журналисттерден толкунданган жаш жуптар кыска-нуска эле жооп беришти. Ниматулло курулушчу болуп иштесе, аялы үй кожойкеси.
– Барно, айтыңызчы, күйөө тарап жуучу түшүп келгенде ата-энеңиз эмне дешти?
– Каршы болушкан эмес. Алар экөөбүздүн үйлөнүшүбүзгө макулдугун беришти.
– Тополоңдон кийин туугандар менен айтышып калуу болгон жокпу?
– Кудайга шүгүр, андайдан алыспыз. Мындай жаңжалдар бизде болбоду.
– Ниматулло, аялыңыздын кайсы тамагын жакшы көрөсүз?
– Бардыгын жакшы көрөм. Тамак тандабайм.
– Буюрса, балаңыз төрөлсө, атын ким коёсуз?
– Врачтар уул дешкен. Аман-эсен төрөлсө, Куран китептен карап, анан ысым беребиз деп отурабыз.

АЯККЫ СӨЗ ОРДУНА ТАКСИСТТЕР
Шаардын ичинде каттаган таксиге улам бир жакка баруу үчүн түшүп отуруп, алардын айдоочулары менен сүйлөшүп калып жаттым. Тыпыйган Тико таксилеринин кожоюндары өзбектер экен, дээрлик баары депутаттардан кем калышпай (ысымдарынан да толук кабардар), өлкөнүн саясий абалына өз баасын берип жатышты. Кыргызча даана сүйлөгөн өзбек айдоочулары: “Комиссиялар түрдүү сөздү айта берип жүдөтүштү. Мына, өткөндө июнь окуясы боюнча депутаттардын сүйлөгөнүн угуп отурдук. Бирок өзбек деп баарын жалпылап салган туура эмес да, мисалы, мага окшогон өз тиричилигин эптеп жүргөндөр миңдеп саналат. Аларга согуш да, саясат да керек эмес болчу. Күндө наныбызды издеп тытынып иштеп жүрсөк, саясатка балээ барбы?”- деп жатышты.
Ошентип, кызуу талкуу менен Бишкекке кетчү жайга да келип калдым. “Бир орун калды” деген кыргыз айдоочуга жүктөрүмдү сала баштадым. Бир аздан кийин ал мага: “Сенден башка кардарларым өзбек, эгерде чогуу кетпейм десең, азыр айтып кал”,- деди. Балким, Ош шаарында коогалаңдан кийин эки жактын тил табышуусу кыйынга туруп жатканын дагы бир ирет байкадым. Бирок өзбектерди өөн учуратпаганым үчүн чогуу жолго чыктым. Окуусун эми аяктаган өзбектер Казакстан жана Орусияга иштегени баратам десе, экөө АКШга окуусун улантууга баратканын айтышты. Айдоочу былтыркы жылдан бери Бишкектен Ошко эмес, Оштон Бишкекке карай жүздөгөн өзбектерди алып келгенин айтып берип отурду. Көбүнесе өзбектерди ташыганы үчүн да өзбекчени эне тилиндей өздөштүрүп бүтүптүр.
Адам өз тагдырында эмнелерге гана тушукпайт? Бирок былтыркы жылдагы Ош окуясы сыяктуу жалпы элдик трагедияда улам жараатты жаңыртуунун ордуна анын тез айыгып кетиши үчүн жан үрөшүбүз керек. Анткени абал качан өз нугуна түшкөндө гана өлкө алга карай өнүгөт. Илгертеден “уруш болгон жерден ырыскы качат” деген сөз белгилүү. Андыктан кайсы бир чагымчылдын айынан тутанган оттун калдыгын тазалап алууга Кыргызстандын ар бир атуулу аракет кылуусу керек.

P.S. Эмки сандарыбызда кепти Ош шаарында эң көп талкаланган райондордун бири – Черёмушкада орун алган поликлиниканын баатыр хирургу жөнүндө улантабыз.

Эльвира Караева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(34)
13.06.2011. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сарт эле эми дагы булар супер инфону ээлеп атышабы жабыр тарткан кыргыздар канча уйундо сарт усталарды сактайм деп биздин кошуна олду балдары калды
14.06.2011. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектер коркконунанда Кыргыз болуп алышканго.

Кыргыз тилин онуктуруу керек,озбектер Кыргызча окуш керек,озбек каналдарды,мектептерди жаап салыш керек,буларга жакшы суйлоп койсон дагы кутуруп кетишет.
14.06.2011. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрөттөгү баланын улуту өзбек дегендерге: "Ниматулло Курбанбаевдин паспортунда улуту кыргыз деп жазылган",- деп жооп берип коюуну туура көрдүм. Кебетесине карап жекирбегиле! Түштүк аймагында болсоңуздар, өзбекке окшош кыргыздарды көп эле жолуктурууга болот...
14.06.2011. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор, жараатты тырмай берсең, ал жаңыланып отуруп, эч качан айыкпайт! Андыктан бирибиз экинчибизди "эшек" дебей, элдештирүүнүн амалдарын колдосок, эң жөндүү болчудай...
14.06.2011. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал кыргыз эмес,сарт эмнеге газетага чыгарып жатасынар.Кыжырды кайнатып.Кыргыздар качанга чейин алданабыз,даяр тамакты сарттарга берип.Ким акча берип,ким териштирип улуту кыргыз экен деп 100 мин карматкан кайсы кыргыздын акча жегичи.Аларга 80 минин берип 20 минин озу жеп,анан кыргыздын наамысына тийип,кыргызга окшобогон сартты кыргыз деп ааламга жарыя кылгандарын кара.Эки элди элдешти деп шылтоо.Кыргыздар наамысын саткан эмес акчага.Эмнеге ата тегин териштирбей эле кыргыз деп акчаны кармата берге
14.06.2011. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сураныч бул теманы алып эле таштагылачы.Компютеримди талкалап салгым келип жатат!!
14.06.2011. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КАнЧАЛАГАН КУНООСУЗ КЫРГЫЗДЫН ЖИГИТТЕРИ ЖАН БЕРДИ.Артында аталап ыйлап балдары,энелери,кыздары,суйкту жан шериктери калды!Коз жаштар кол кол болуп,соолугуча ыйлап энелер чырактай балдарынан айрылды.Алар аз келгенсип гум жардамдын баарын сарттарга,жаны буткон уйлорду да озубекттерге бердинер.Качан кыргыздар бири бирибизге куйобуз.Тескерисинче кыргыздар бири бирибизди андып анга туртобуз!Кыргыз кылым каарытткан улуу элбиз,кыргыз чыгаан жигитериненбиз!Мекенибиз,элибиз жерибиз учун куйолучу кыргызда
15.06.2011. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз болуп жаралганыма ушунчалык сыймыктанам!
15.06.2011. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айбекк туура айтат мен да сыймыктанам менимче баарыбыз сыймыктанышыбыз керек согуш болбосун
15.06.2011. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
я согласна
15.06.2011. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu Elvira Karaeve koi4u e. Ka4an ele oshto ozbekke okshogon kyrgyzdardy kop kordyn ele? Jazat dese ele jaza berbesh kerek da. Ushintip ele oshtuktardy chetke kaga beresiner. Konechno obidno. Bolynboilu Kyrgyzdar.
15.06.2011. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oooo tuura Nina tuptuura.
15.06.2011. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gun pomoj berebiz dep turup sarttardy toptop tamashov dep jardyryp tashtash kerek degen kommentarimdi ne alyp tashtadynar
15.06.2011. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудакала ошту биз тааныбай калат экенбиз дождусь не дождус
15.06.2011. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гыгыы...кыргыздар эч качан озбекче ат ыйгарышпайт баласына, тем более Ниматулло деп. Кыргыз-озбек уйлонгон эмес деп айтуудан алысмын, бирок кичине реальный нерсени пример кылсанар болмок экен...
15.06.2011. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кошулам бир да Ниматулло деген кыргызды коро элекмин , ошол Ошто жашаганым учун айтып жатам озбекке окшогон кыргызды мен ушул 14 жыл ошол жерде жашадым корбопмун , баары эле явно эле билинип турат ким кыргыз ким озбек экени. Паспортун балким сатып алгандыр аны кудай билет азыр паспортуна ишенип болобу .
15.06.2011. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айласы кетип улуту КЫРГЫЗ деп паспорт да жазатып алганга жетишиптир да кайран.
16.06.2011. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ниматулло деген озбектин эле аты,и фамилиясы дагы ,аны эмне кыргыз деп жазышкан?озунун кебетеси деле накта озбек эле болуп турбайбы?коп жылдан бери Ошто жашап,бир дагы ушуга окшогон кыргызды коро элекмин,баардык озбектер эле,июнь окуясынан кийин,паспортуна КЫРГЫЗ деп ала башташкан,озбектер КЫРГЫЗЫМДЫН чыпалагынын тырмагына да арзыбайт,булар оло турган калк болушат,лолу алар,коросунор булар дагы унчукпай журуп бир куну башташат...неновижу их
16.06.2011. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы эле озбектерди зашищают все,откондо телевизордон Алмаз Атамбаев уялбай суйлоп атат:"Биз согушту убагында токтотуп калдык"деп,керек болсо ошол кездеги Убактылуу окмот,колунун учун да кыймылдатып койгон эмес,ал кездеги кыйынчылыкты бир гана туштуктун эли озу,оз кучу менен женди,анан дагы Камчыбек Ташиевдин жардамы чон болду,так что азыркылар коп кыйынсышпай эле коюшсун,ошентип суйлоп атканда Атамбаевдин бети чымырабайбы деп кечке тиктеп отурдум,жок эч нерсе болбоду,бет жок экен да буларда...
16.06.2011. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nimattulo sartcha emes islamcha at sevinch vo nak sartcha at + surotun dagy sart,Solnyshko ayitkan tura ubaktyluu okmot Kadyrjan kosyaktarybyzdy achyp tyshtayit dep korkup ele sarttar ga bolushup algan bir TASHIEV erkek ozu jurdu sogushta berki chondor kreslo bolushalbayi jatkanda
16.06.2011. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто метистер көп.Ошолордун бири болушу мүмкүн.Же атасы кыргыз апасы өзбек.Бир чалымы барда.Накта кыргыз үйлөнбөйт болчу,согуш болуп жаткан учурда.
16.06.2011. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элиме аманчылык каалам,
17.06.2011. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо, комментарийлерди окуп, төбө чачым тик турду. Менин жездем бар (керектүү болсо фотосун илүүгө даярмын), ата-энеси кыпкыргыз, бирок кебетесинен өзбек дейсиң. Былтыркы окуяда аны сабап салууга аз калган... Бул бир мисал!
17.06.2011. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчи: Иноват деген жеңем бар, ал айылдын эле кыргызы, бирок ысымы өзбекче! Анан "мен Ошту кыйын билем, мындай кыргыз жок" дегендер калпты азыраак ышкырткыла.
17.06.2011. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калп эле отуруп алып, улутчулдук сезимдерди артка бир аз таштасак... Ошто миңдеген үй-бүлөлөр өзбеги да, кыргызы да баары бир чогуу жашай беришет, анткени буга чейин да жашап келишкен. Бөлүнгөндү бөрү жейт,- дейт, андыктан достор биз кыргызстандыкпыз, бөлүнбөйлү, айтышпайлы, мушташпайлы, өлтүрбөйлү - бизди чоочундар "жеп" кетет!
17.06.2011. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту adalsvards! УЛУТЧУЛ болуш керек,улутчул болуп озубузду коргошубуз керек башкаларга окшоп
17.06.2011. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улутчул болгондон эч кандай пайда чыкпайт...Баарыбыз бир мусулманбыз!!!
17.06.2011. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ эмнеси болсо да кыргызым тынч болсун,согушта курман болгондор жаннатта болушсун.рахмат кыргыз элиме!!!
18.06.2011. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам,достор!чынында бул тема кимдин гана журогун оорутбай койбойт.Создун ачыгы озбек эли жаман дештен алысмын бирок ото куу экенин баарыбыз белгилуу.Ошондуктан кыргызым биримдиктуу болууга чакырам,биз бирге болсок эч ким бизге зыян жеткизе албайт,антейин десен мына бул бийликтегилерге ичим чыкпайт,эч эле кылган ишинен дайын жок,журт башында тургандан кийин жакшы иштеп берсе болот эле.Мейли бул кундорда отор кетер,келечегибиз алдыда эн башкысы БИРИМДИК!!!!
18.06.2011. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
enen duraiyn anaga kyrgyz kyzy tugonup kalyppy
20.06.2011. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmm chumoooo kyrgyz kyz tugonup kalippi?Ozbekter kandai dokchu ekenin korduk go!Daje irchilarinan beri irdap.Internetke kyrgyzdar ulutchul dep aryzdanyshkanyn korson zeenin keyiyt/Bularga bor achysan booruna tebet.Moskvada Medvedevge cheyin kelip berishti go.Dagyn dele ozbekter bechara dep atabyz kyrgyzdar dardandap juro bersek barjokton kur kalabiz.Ozbek mektep sadikterdi jok kilish kerek.Teatrdi jaap salish kerek/Sartar jogolsoken
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: