Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

РОССИЯНЫН ТҮРМӨСҮНДӨ БЕШ ЖЫЛ ОТУРГАН КЕЛИНДИН СЫРЫ

№262 9-15-ноябрь, 2007-ж.


Келиндин айтып бергендерин угуп келатып бүтүндөй бир тасма көргөндөй болдум. Баёолугунанбы же жетишпеген турмуштун айынанбы, өзүнөн улуу аялдарга алданып бөтөн жердин түрмөсүндө отуруп келген келиндин тагдыры чын эле боор ооругудай эле...

СЫРДУУ САПАРЛАШ
Көр тириликтин айынан мугалимдиктен соода тармагына өткөнүмө сегиз жылдын жүзү болду. Бишкектен поезд менен Россияга товар ташып жол түйшүгүн жакшы эле тарттым. Казактын бажычыларынын, орустун кызыл шапкечендеринин уудай сөздөрүнө чыдап, зилдей жүктөрдү өзүм көтөрүп, Россиянын ызгаарына тоңуп, деги койчу, бул соода дегениң оңой оокат эмес экен. Анткен менен жашоомо нааразы эмесмин. Ушинтип жүрүп үйбүлөбүз белчебизден баткан карызыбыздан кутулдум, үч баламдын ар бирине бирден машина мингизип, айылдагы тамыбызды элде жок кылып заңгыратып тургуздум. Жесир болсом да жашообуз айылдагы элдин алды десем жаңылышпайм. Сегиз жылдын ичинде жолдун сырын эң жакшы өздөштүрүп, ошол эле убакта бул жолдордо таңкалыштуу да, коркунучтуу да, кыскасы, көп нерселерге күбө болдум.
Мындан эки ай мурун кезектеги сапарым менен Новосибирск шаарынан Бишкекти көздөй келаткам. Мени менен бир вагондо чачы куудай ак, бетин толтура майда бырыш баскан бир келин бар эле. Келинди сыртынан караган адамга анын жашын божомолдоо кыйын эле. Экөөбүз маңдай-тескей отуруп келатсак да станциядан чыкканы мага ооз ачып эч нерсе сүйлөгөн жок. Тек гана кусалык, сагыныч, муң, арман толгон көздөрүн терезеден албай келе берди. Мен да сүйлөгөнгө батынган жокмун. Жол жүргөнүбүзгө экинчи сутка болгондо гана түшкү чайды чогуу ичип калдык. 4-5 кесим кара нан, азыраак сыр жана чакмак кантын сумкасынан алып чыгып, столдун үстүнө коюп, унчукпастан чайдан куюп иче баштады. Ошондо гана ичим бышып:
– Сиңдим, Кыргызстандан болосуңбу? Жаман көрбөсөң, сүйлөп отур, жол алыс,- дедим. Келин тунжурап саамга отурду да, сумсайган калыбынан жазбай:
– Ооба, эже, Кыргызстанданмын. Жаш дейин десем жүзүн толтура бырыш баскан, кыргыз дейин десем кыргызга окшобойт деп мага таңкалып келе жатсаңыз керек?- деп койду андан бетер табышмактатып.
– Байкашымча, ооруп же кыйналып келе жаткандайсың...
– Эмнесин айтасыз, эң бир оор жылдарды башымдан өткөрүп келатам. Кээде өзүмдү коркунучтуу түш көргөндөй сезип кетем. “Ойгонуп кетсем түшүм болуп, жашоом мурункудай болуп калса” деп ойлойм. Бирок, андай эмес, аттиң... Баары башкача болмок, бирок...
– Сиңдим, эгер көкүрөгүңдөгү жараңды тырмап алсам, кечирип кой. Жан­дүйнөң кыйналып жатса, айтпай деле кой. Мен сенин кейиштүү тагдырга туш болгонуңду вагонго адеп киргениңде эле муңайым жүзүңдөн окугам,- дедим келинди чын дилимден аяп.
– Жок, эже, айтып бир чети бугумду чыгарып алайын. Экинчиден, балким, менин тагдырым башкаларга сабак болоор. Сиз бирөөгө айтсаңыз, ал дагы башка бирөөгө айтса...

АЛГАЧКЫ КОММЕРЦИЯ ЖАНА ЖАҢЫ ТААНЫШ
– Мен Ош тараптагы Өзбекстан менен чектеш айылдардын биринде бир үйдүн жалгыз кызы болуп чоңойдум. Бойго жетип мектепти бүтөөрүм менен кошуна айылга алакачып кетишти. Биз жакта салт катуу эмеспи, “баланчанын кызы бир жерге барып келген” деген сөздөн намыстанышкан туугандарым отургузуп коюшту. Өмүрүңдө көрбөгөн эле бирөө менен өмүр бою бактылуу жашап кеткен көрүнүштөр чанда кездешет экен. Мен болсо алгач “жашоом оңолуп кетээр” деп үмүттөнгөнүм менен бир уулдуу болгондон кийин отубуз күйүшпөй ажырашып, алты айлык балам менен ата-энемдин төрүнө кайтып келдим. Ата-энем канчалык көзүмдү карашканы менен ага-жеңелерим менен батышкан жокмун. Бир туугандарыма балам менен түртүнчүк боло бергенден тажап, Өзбекстандан майда-чүйдө күнүмдүк керектелүүчү товарларды арзан алып чыгып, соода кылууга өттүм. Ушул сооданын арты менен менден он жаштай улуу эки коммерсант аял менен таанышкан элем. Көп товар менен Россияга катташаарын алгач таанышканда эле айтышкан. Сооданын жолун таап буттарына туруп калышканы кийген кийимдеринен, кулак-моюндарындагы кат-кат алтындарынан эле билинип турчу. Ошол аялдар менен акыркы күндөрү эмнегедир жакшы сүйлөшүп кеттим. Бир күнү дагы сүйлөшүп отуруп бирөөсү: “Биз менен Россияга каттабайсыңбы? Чыт халат менен шейшептик кездемелер ал жакта жакшы өтөт. Ушинтип жүрүп бир жылда тапкан акчаңды Россияга бир барып келгенде таап коёсуң”,- деди. Аялдын айтканын эп көрүп, “күзүндө балам мектепке барат, ошого чейин кичине акча чогултуп алайын” деген ой келип, аялдар менен Россияга барып келүүнү чечтим. Үйдөгүлөргө айтсам, “өзүң бил” дешти.

РОССИЯГА ЖОЛ ТАРТУУ
Ошентип, жолго чыкчу күн да келди. Биринчи жолу алыс жолго чыгышым. Такси менен Оштон Бишкекке келгенден кийин тиги эки аял: “Акчаңды бизге бер, сен камданганча сенин товарыңды биз алып коёбуз”,- дешкенинен болгон акчамды бергем. Темир жолго келгенде гана: “Мына сенин товарларың”,- деп эки чоң ала сумканы көрсөтүштү. Анан бирөөсү: “Пакет көтөрүп жүдөбөй, ичиндеги майда-чүйдөлөрүңдү бул сумкага салып ал”,- деп жаңы кол сумка бергенинен оюмда эч нерсе жок эле ыраазы болуп алып алгам. Жолмо-жол автоматтары менен милициялар чыгып жанагы ала сумкаларыбызды бирден тытып чыгышат. Улам халаттарыбызды чачып, кайра сумкаларыбызга салып отуруп төрт суткага жакын жол жүрүп, акыры түн бир оокумда Новосибирск шаарына жетип бардык. Поездден түшөөрүбүз менен такси кармап түз эле бир жакка жөнөдүк. 1-1,5 саат жол жүргөнүбүздөн кийин бир үйгө жетип барып эшигин такылдатсак, жашы элүүлөрдөгү бир орус аял ачты. Жакшы учурашып, көпкө сүйлөшкөнүнө караганда көптөн берки тааныштардан окшойт. Бирок, эмнелерди сүйлөшүп жаткандарынан кабардар боло алган жокмун. Анткени, мен анда бир да орусча сөз түшүнчү эмесмин. Үйгө кирсек керебетте 80дердеги оорукчан кемпир жатыптыр. Сумкаларыбызды жайгаштырып, өзүбүз да жай алган соң Бишкектен чыгаарда мага кол сумка “белек кылган” аял берген сумкасын алып, анын ички кабатын акырын лезвие менен тилип чыгып, андан кичинекей пакеттерге оролгон бир нерселерди алып чыкты. Анан керебетте жаткан кемпирди так көтөрүп, ал пакеттерди керебетке кат-кат салынган матрацтардын алдына катып, кемпирди кайра жаткырып коюшту. Мен эч нерсе түшүнбөй эле оозумду аңырдай ачып отуруп калдым. Менин мындай абалыма көңүл да буруп коюшпай столдун үстүн жайната салып, “жолубуз ачык болуп, аман-эсен келип алганыбыз үчүн” деп үчөө арак ичишти. Андан кийин гана бир шойкомду сезип, үрөйүм учуп турган мага болгон окуяны түшүндүрүп киришти. Көрсө, жанагы сумкадан алып чыккан нерсе баңгизат экен. Мен бул нерсенин атын гана угуп, жаман нерсе экенинен кабарым бар болчу, бирок, өмүрүмдө көргөн эмесмин. Эми болсо төрт суткадан бери өзүм кармап, ушунча жолдон эч нерсе болбой келип калганымды ойлоп муундарым калтырап кетти. Анда аялдар: “Бул биздин минтип экинчи жолу келишибиз, мурун кездемелерди эле алып келчүбүз. Коркпо, негизгиси, аман-эсен келип алдык. Кудайдын бул жолу да бизге боору ооруду. Эми алып келбейбиз”,- дешти. Менин калтыраганым баарыбир басылган жок.
Таң атканда базарга барып халаттарыбыз менен кездемелерибизди сураган эле баасына кармата берип, кайра орустун үйүнө келдик. Күүгүм кирип калганда эшик такылдап, тажиктерге окшогон лөкүйгөн эки жигит кирип келди. Орусчалап бир нерселерди сүйлө­шүшкөн соң кемпирди көтөрүп пакеттердеги жанагы балээни алышып, орус аялга көп акча беришти. Алар кеткен соң акчанын азыраак бөлүгүн өзүнө калтырып, калганын аялдарга берди. Аялдар болсо акчаны тең үчкө бөлүшүп, бир бөлүгүн менин колума карматышты. Чынын айтсам, мен али мындай акчаны кармап көрө элек болчумун. Көзүмө оголе көп акча болуп көрүндү. Мындай акча колума тийген соң денемдеги майда калтырагым токтоп, коркуу сезимим өзүнөн-өзү тарап кеткендей болду. \"\"

ЭКИНЧИ ТОБОКЕЛДИК
Ошентип, эртеси жолго чыктык. Чөнтөгүм толо акча, кечээки окуяны унутуп, өзүмчө эле кудуңдап алгам. Дагы төрт суткадай жол жүргөндөн кийин Бишкекке жетип келдик. “Дордой” базарына барып балама, ата-энеме, бир туугандарыма толтура кийим-кечелерди алдым, айылга алпарып сатканга майда-чүйдө товар алдым, ошентсе да акчамдын азыраак бир бөлүгү гана короду. Менин мындай чоң табылга менен барганыма үйдөгүлөр кудуңдап эле сүйүнүп калышты.
Акчамдын жарымын катып койдум да, жарымын иштетип, товарларымды бир топ көбөйтүп алдым. Баягы окуядан кийин бир айдай убакыт өткөн эле. Бир күнү эле базарда соода кылып отурсам кайдан-жайдан баягы аялдын бири пайда болду. Сүйлөшүп отуруп дагы Россияга бара жатышкандарын, бирок, берки “товары” жок эле, жалаң кездеме менен халат алып кетип жатышкандарын айтты. “Барасыңбы, жүр. Дагы бир байып аласың. Бирок, албетте, баягыдай акча болбойт. Ошентсе да товарды көп алсаң, жакшы эле түшөт”,- деди. Мен аялдын сөзүнө ишенип, “андай болсо барам” деп дароо эле макул болдум. Үйгө каткан баягы акчадан алып, “мага да товар алып коюңуз” деп аялга бердим. Баягыдай эле көрүнүш. Оштон Бишкекке, Бишкектен Новосибирскке жөнөдүк. Анан дагы эле баягы орустардын үйүнө бардык. Жайланышкан соң мага тиешелүү товар салынган ала сумканын бирин ачышып, эң түбүнө салынган халаттардын биринин этегине тыкандык менен кошо тигилген баягыдай пакеттерди алып чыгышканда дагы бир жолу мени пайдалангандарына түшүн­дүм. Бул жолу бир топ үйрөнө түшкөн­мүн­бү, биринчи жолкудагыдай абалга туш болгон жокмун. Бирок, баарыбир жүрөгүм алдыдагы жагымсыз бир нерседен кабар бергендей бир башкача согуп жатты.
Эртеси түн оокумда баягы балдар дагы келишти. Бирок, бул жолу баягыдай тез эле кетип калбай, көпкө чейин талашып-тартышышты. Бирөөсү эмнегедир ачууланып, аялдарга чала-була кыйкырып да алды. Акыры бир пикирге келишпегенден соң балдар кетип калышты. “Эмне болду?” деп сурасам: “Акчалары аз экен, болгон товарды ушул акчага бергиле деди эле, биз бербей койдук. Анда азыр жетпегенин алып келебиз деп кетишти”,- деди. Менин жүрөгүм бир нерсени сезгендей: “Жүргүлө, кетип калалы, карматып коюшпасын!”,- деп жалдырап жибердим. Анда мени жоошутушуп: “Карматышпайт. Булар биздин ишеничибизге кирген. Азыр акча алып келишет”,- деп такыр эле камаарабай коюшту. Өзүм качып кетейин десем түн ортосунда кайда бараарымды билбейм же бир ооз орусча сөз билсемчи. Акыры кетүүгө жалдырап жатып аялдарды көндүргөндөй болдум. Бирөөсү: “Чын эле кетели, кокус карматып коюшпасын”,- десе, экинчиси: “Дагы жарым саат күтөлү, келбесе, анан кетели”,- деп калды. Биз да анын сунушуна көнүп отуруп калдык. Бирок, арадан жарым саат эмес, 10-15 мүнөт өтпөй эле эшик такылдап, тигил экөө­нүн ордуна милиция кийимдерин кийген жайнаган адамдар кирип келишти. Бизди дубалды каратып тургузуп коюшуп, өздөрү үйдүн чаң-тополоңун чыгара тинтип киришти. Ары чачышты, бери чачышты, эч нерсе таппаганда акыры кемпирди көтө­рүп, матрацтарды оодарышып, андагы “товарларды” таап чыгышты. Анан орусчалап сүйлө­шүшүп, кагаздарга бир нерселерди жазышты да, кемпирден башкабызды машинага салып алып кетишти. Мы­на ошентип, баары бүттү...

СОТ ЖАНА ТҮРМӨ
Көпкө созулбай сотубуз болду. Сотто бизди издеп барган эч ким болгон жок. Болгону орус аял биз жөнүндө билгендерин: “Экөө Кыргызстандан келген сайын биздин үйдө акча төлөп жашашат, бирөөсү эч нерсени түшүнбөйт, жаңы келди. Мен алардын баңгизат сатаарын билген эмесмин. Апам оорукчан, сүйлөй да, баса да албайт. Ошондуктан, анын астына баңгизат бекитип жүрөөрүн билбегем...” деп жазып бериптир. Сот болгондо да күбө катары келип ушуларды айтып, өзү акталып чыгып кетти. Бизди болсо түрмөгө кесип жиберди. Мени 15 жылга, тигил экөөнү 25 жылдан.
Мына ушинтип бир чети тигилерге алданып, экинчиден, өзүмдүн да кыска ойлонгондугумдан түрмөнүн тузун татып чыктым. Алгачкы жылдары ит көрбөгөн кордукту көрдүм. Түрмөнүн аялдары жылаңачтантып бийлетишип, тил билбегенимден алардын айткандарына түшүнбөй калсам дагы кордошуп... Ий, бети курусун, алардын мага көрсөтпөгөнү калган жок. Бир жылдан кийин мени мындай азаптан башка түрмөдөн которулуп келген өзбек аял кутултту. Азиат деп жан тарттыбы же чын эле менин абалыма боору оорудубу, жакшы эле колдоо көрсөттү. Бирок, мен түрмөдө ушунча жатып нашаа, тамеки дегенди оозума алган жокмун. Орусча үйрөндүм, атүгүл, акыркы жылдары кайтаруучулар менен жакшы болуп, сырттан тамеки, тиш паста сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү нерселерди ыңгайын келтирип алдырып, бир аз акча да топтоп алгам. Отурганыма беш жыл болгондо мунапыска туш болуп, жүрүш-турушу жакшы делинип биротоло бошонуп чыктым. Беш жыл бою ата-энемден, уулумдан бир кабар ала алган жокмун. Жаңыдан отурганымда болгонун болгондой кылып төкпөй-чачпай жазып жөнөткөм. Бирок, жооп келген жок. Балким, ал катым жеткен деле эместир. Уулум ошол жылы 1-класска бармак, эгер барса, азыр 5-класста окуп калгандыр. Кандай болуп чоңойду экен? Мен жөнүндө укту болду бекен? Мен барсам тааныбай калса керек? А ата-энемчи? Алар мени ойлоп картайып, чачтары куудай агаргандыр? Деги аман-эсен болушту бекен?..
Ага боорум ооруп, айтып бергендери көз алдымдан кетпей жүрүп отуруп Бишкекке кантип келип калганымды да билбей калдым. Анан темир жолдон экөөбүз жылуу коштошуп, эки тарапка кеттик. Ошол бойдон көргөн жокмун. “Байкуш келин эмне болду экен? Ата-энеси кандай кабыл алышты? Уулучу?” деп бассам-турсам ойлой берем. Чын эле эмне болду экен?..

Гүлжан Абдуллаева, Сүрөтчү Ренат Мамытбеков



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
04.09.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чын эле эмне болду экен????
10.01.2018. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага! арам тамак аш болбойт баары бир
11.01.2018. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жазыптыр сабак болсун баарыбызга.Арам тамак аш болбойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: